Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Түркия Сирия менен чек арасына кошумча жоокерлерди жайгаштырды


Сирия менен Түркиянын чек арасындагы түрк аскердик техникасы.
Сирия менен Түркиянын чек арасындагы түрк аскердик техникасы.

Түркия Сирия менен чектешкен Акчакале районуна кошумча жоокерлерин жана аскердик техникаларын жайгаштырды.

Мунун алдында өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк аскерлери Евфрат дарыясынын чыгышындагы аймактарга аскердик операция жасоого даяр экенин жарыялаган. Эрдоган операциянын максатын Сирия менен чек аралаш аймактарда АКШ колдогон күрт кошуундарын тазалоо жана ал жакта “коопсуздук аймагын” түзүү деп түшүндүрдү.

Анкара күрт милициясын “террорчулар деп атап, күрттөр Түркиянын аймагындагы жикчилдерге жардам кылат деп айыптап келет. Эрдогандын сөзүнө караганда, операциялар 6-октябрда башталышы мүмкүн.

Сириянын Тышкы иштер министрлиги алардын аймагында коопсуздук зонасын түзүү аракетин “эл аралык укукту бузуу” катары баалады. Мекеме чет элдик күчтөр Сириянын бүтүндүгүн бузуп жатканын жана өлкөдөн токтоосуз чыгып кетиши керектигин белгилейт.

Вашингтон күрттөрдү “Ислам мамлекети” террордук тобу менен күрөшүүдө өнөктөш катары көрөт. Эрдогандын билдирүүлөрүнөн кийин АКШ менен Түркиянын ортосунда сүйлөшүүлөр башталды.

1-октябрда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркия менен Сириянын ортосунда демилитаризацияланган аймакты “өз алдынча” түзөрүн жарыялаган. Бул өлкө 2016-жылы Сириянын аймагында “Евфраттын калканы” аттуу операция өткөргөн эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG