Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Пакистандагы жардырууда тогуз киши каза болду


Чамандагы терактка каршы акция. 23-ноябрь, 2018-жыл.
Чамандагы терактка каршы акция. 23-ноябрь, 2018-жыл.

28-сентябрда өлкөнүн түштүк-батышындагы Белужистан провинциясындагы Чаман шаарындагы жардырууда бери дегенде үч киши каза болду, алардын арасында оппозициялык саясатчы да бар. Жети киши жарадар болду. Полиция жардыргыч зат Чаманда Пакистан менен Ооганстан чек арасынан алыс эмес жердеги диний партиянын кеңсесинин жанында токтоп турган мотоциклге коюлганын билдирди. Расмий өкүлдөр жардыргыч зат «Жамиат Улема-и Ислам» партиясынын лидери Маулана Мохаммад Ханиф кеңседен чыккан учурда, алыстан жардырылганын билдиришти. Лидердин жанындагы эки киши да каза болгон. Ханиф келерки айда азыркы премьер-министр Имран Хандын өкмөтүнө каршы Исламабадда жүрүш өткөрүүнү пландап жаткан. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти бир да топ өзүнө ала элек.

Ушул эле күнү Пакистандын түндүк-батышындагы Хангу районунда автобуска ок атылып, алты киши каза болду. Райондук полициянын офицери Эхсан Улла кол салууга жеке талаш-тартыштар себеп болгонун билдирген. Анын айтымында, каза болгондор арасында аялдар жана балдар бар. Автобус Хангу шаарынан Зергари айылына бараткан. Кол салгандарды кармоо боюнча рейд жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG