Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Саудия Иранга сөөмөйүн кезеди


Саудиянын башкы дипломаты Ибрахим аль-Ассаф БУУнун Башкы Ассамблеясында. Нью-Йорк, 26-сентябрь, 2019-жыл.
Саудиянын башкы дипломаты Ибрахим аль-Ассаф БУУнун Башкы Ассамблеясында. Нью-Йорк, 26-сентябрь, 2019-жыл.

Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри эл аралык коомчулукту Иранга кысым көрсөтүүгө чакырып, Саудиянын заводдоруна урулган сокку үчүн кайрадан Тегеранды айыптады. Ирандын президенти болсо бул чабуулдун артында Тегеран турганын так далилдеп берүүнү талап кылууда.

Саудиянын башкы дипломаты Ибрахим аль-Ассаф 26-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясындагы сөзүндө Иранды «эл аралык мыйзамдарды одоно бузуп жатат» деп күнөөлөдү. Ал Сауд Арабиясынын мунай кендерине урулган соккунун артында Иран турганын белгилеп, «мындай агрессияны» токтотуш үчүн Тегерандын каржы булактарын бууп салыш керек экенин айтты.

Саудиянын тышкы иштер министри Ибрахим аль-Ассаф.
Саудиянын тышкы иштер министри Ибрахим аль-Ассаф.

- Соңку чабуулдар эл аралык коомчулуктун эркин чындап сынап жатат. Бул уюмдун жана бүтүндөй дүйнөнүн алдында бекем, бирдиктүү позицияны көрсөтүү милдети турат. Иран режиминин террорчул жана агрессивдүү жүрүм-турумун токтотуш үчүн мүмкүн болгон бардык ыкмаларды колдонуп, Тегеранга катуу кысым көрсөтүш керек, - деди министр аль-Ассаф.

Буга чейин АКШ, Франция, Британия жана Германия да 14-сентябрда Саудиянын эки заводуна урулган ракеталык жана дрон соккулары үчүн Иранды айыпташкан. Бул чабуулдан улам дүйнөдө бир күндө өндүрүлгөн мунайдын көлөмү кеминде беш пайызга убактылуу азайып кеткен эле.

Йеменде Саудия баштаган коалицияга каршы күрөшүп жаткан хусит козголоңчулары мунай заводдоруна алар сокку урганын билдирүүдө. Ирандын президенти Хасан Роухани 26-сентябрда, Нью-Йорктогу басма сөз жыйынында Тегерандын бул окуяга тиешеси жок экенин дагы бир жолу кайталады:

Иран президенти Роухани Нью-Йорктогу басма сөз жыйынында, 26-сентябрь, 2019-жыл.
Иран президенти Роухани Нью-Йорктогу басма сөз жыйынында, 26-сентябрь, 2019-жыл.

- Йемендеги аскердик күчтөрдүн колунда узак аралыктагы ракеталар жана пилотсуз учкучу жок туруп эле уча турган аппараттары бар экенин, алар Саудиянын башка аймактарына мурда да сокку урганын дүйнөнүн баары билет. Башкаларды күнөөлөгөндөр ал айыптоолорун күбөлөндүргөн далилдерди көрсөтүшү керек.

Ошондой эле Роухани АКШны, Францияны, Британияны жана Германияны Саудияны курал-жарак менен камсыздоону токтотууга үндөдү. 26-сентябрда АКШ Эр-Рияддын коргонуу тармагына колдоо көрсөтүү максатында «Патриот» ракеталарынын батареясын, төрт «Сентинел» радар системасын жана 200дөй кызматкерин Саудияга жөнөтүп жатканын билдирген.

Калкынын басымдуу бөлүгүн суннит мусулмандары түзгөн Саудия менен шииттер байырлаган Иран, чөлкөмдөгү атаандаш мамлекеттер катары мүнөздөлүп келет.

Саудиянын сокку урулган мунай заводдорунун бири.
Саудиянын сокку урулган мунай заводдорунун бири.

Мунай заводдоруна коюлган чабуул Перс булуңундагы кемелердин коопсуздугу тууралуу маселе кабыргасынан коюлуп, Тегеран менен Вашингтондун алакасы чыңалып турган учурга туура келип жатат.

АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы кабыл алынган эл аралык келишимден былтыр чыгып кеткен. Андан бери Вашингтон Тегеранга каршы санкциялардын көбүн калыбына келтирди. Буга жооп катары Иран бийлиги өзөктүк келишимдин алкагындагы уран байытууну чектеген айрым милдеттенмелерди аткарбай турганын жарыялаган.

Франциянын, Британиянын жана Германиянын лидерлери өзөктүк келишимди сактап калууга аракет кылганы менен чоң өзгөрүү болуп кете элек. Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Ирандын президенти менен Нью-Йорктогу жолугушууларында Тегеранды бул келишимдин талаптарын аткарууга чакырганы, болбосо эл аралык санкциялар калыбына келиши мүмкүн экенин эскерткени белгилүү болду.

Төрт жыл мурда Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектөө милдетин алган. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар токтотулушу керек эле.

Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG