Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:20

Бабанов Москвага учуп кетти


Бабанов жана Жээнчороевдин учактагы сүрөтү.
Бабанов жана Жээнчороевдин учактагы сүрөтү.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бүгүн эртең менен Москвага учуп кетти.

Мындай маалыматты саясатчынын айланасындагы адамдар “Азаттык” радиосуна ырасташты. Алар Бабанов эмне себептен Орусияга кеткенин маалымдашкан жок, бирок ал өлкөгө кайра кайтып келерин билдиришти. Аны менен кошо Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев да кеткен.

Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы), азыркы тапта өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан.

Алардын ичинен төртөөнүн чоо-жайы белгилүү. Калган иштер боюнча Бабанов өзү да, мамлекеттик мекемелер да маалымат бере элек.

Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон жана шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Быйыл 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG