Бурятиянын борбору Улан-Удэде таза шайлоо үчүн жана милициянын мыйзамсыз аракеттерине каршы митингге миңден ашык адам чогулду. Бул тууралуу «Новая газета» гезитинин кабарчысы билдирди.
Акцияга чогулгандар аймактын башчысынын кызматтан кетишин, мыйзам бузуу менен коштолгону айтылган Улан-Удэнин мэрин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну жана айрым активисттерге карата куугунтукту токтотууну талап кылышты.
Юбилейный аянтындагы митингге Орусиянын Федерация Кеңешинин мүчөсү Вячеслав Мархаев да катышты. Ал Улан-Удэнин мэрлигине талапкерлигин коюп, өтпөй калган.
Кийинчерээк митингчилерге Бурятиянын башчысы Алексей Цыденов да келди. Ага акциянын катышуучулары «Уят!», «Кызматтан кет!» деп кыйкырып жатышты.
Аймактын башчысы митингде айтылган талаптарды компетенттүү органдарга жеткирерин билдирип, катышуучуларды тынчтанууга чакырды.
Орусиянын курамындагы Бурятияда митинг 9-сентябрда башталган. Алгач ал «орус президенти Владимир Путинди бийликтен түшүрүү» максаты менен жолго чыккан якутиялык бакшы Александр Габышевди колдоо иретинде өткөн. Кийин милициянын митингчилерди таратыш үчүн күч колдонушуна нааразылыктан улам акция уланып келет.