Алардын ичинен учурда төртөөнүн чоо-жайы белгилүү. Калган иштер боюнча Бабанов өзү да, мамлекеттик мекемелер да маалымат бербей жатат.
УКМК тергеп жаткан иштердин чоо-жайы
Өмүрбек Бабанов өзүнө карата козголгон кылмыш иштеринин саны сегизге жеткенин 29-августта, Финансы полициясына кезектеги суракка кирип чыккандан кийин билдирди.
Ал «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте төрт, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта да төрт иш тергелип жатканын айтты. Бирок тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо боюнча кол коюп бергенин жүйө кылып, ал иштердин мазмунун ачыктаган жок.
«Менин билишимче УКМКда төрт иш бар экен. Ошол иштер боюнча көрсөтмө берем. Финансы полициясында да төрттөй иш боюнча көрсөтмө берип атам. Арасында быйыл апрель айында жанданган, Алмазбек Атамбаевдин заманында Он-Адыр менен Канат Исаевдин иши боюнча жанданган иштер бар. Мен Кыргызстанга учуп келгенден кийин да жанданган иштер бар».
Өмүрбек Бабановго козголгон иштердин коомчулукка белгилүү болгондорунун чоо-жайына токтолсок. Башкы прокуратура Бабановго карата биринчи кылмыш ишин 2017-жылдын ноябрь айында козгогон. Ага «президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгүндө Оштун Он-Адыр кичи районунда эл алдына чыгып сүйлөгөн сөзүнүн мазмунунда «конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга чакырык бар», «улут аралык, расалык жана диний кастыкты козуткан» деген айыптар коюлган.
Саясатчыга ачылган экинчи кылмыш иши да президенттик шайлоого байланыштуу. Ал 2018-жылдын мартында козголгон. Анда Бабановго «бийликти басып алууга даярдык көрүү» жана «массалык башаламандыкты уюштуруу» деген айып тагылган. Бул иш боюнча депутат Канатбек Исаев бир жылга жакын абакка отуруп чыкты жана ага байланыштуу иш кайра тергөөгө жөнөтүлгөн.
Жогорудагы эки ишти тең УКМК тергеп жатат. Атайын кызмат Бабанов Кыргызстанга кайтып келер алдында тараткан расмий маалыматында саясатчыга карата жогорудагы эки кылмыш иши козголгонун, ал өлкөгө келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен. Бирок Бабанов өзү айтып жаткан мындан башка да иштер боюнча УКМК азырынча маалымат бербей турат.
Мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов мына буларды айтуу менен эле чектелди.
«Өмүрбек Бабанов мурда козголгон кылмыш иштеринин алкагында күбө катары суракка чакырылып жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу кандай, эмне болгон иштер экенин айта албайм».
Жаңы козголгон иштер Бабановдун өзүнө да жаңылык болгон көрүнөт. Ал 23-августта УКМКга кезектеги суракка кирип чыккандан кийин атайын кызматка бир ишке байланыштуу суракка барып, бир нече иш боюнча суралып чыкканын айткан.
Бабановдун Финполициядагы иштери
Бул Өмүрбек Бабановго байланыштуу УКМКда гана иликтенип жаткан иштер. Саясатчынын айтымында, ал Финансы полициясында да төрт иш боюнча күбө катары суралып жатат.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискур «Азаттыкка», Бабанов бир катар иштер боюнча күбө катары өтүп жатканын ырастап, эмне болгон иштер экенин, мазмунун жарыялаган жок.
«Жогоруда аты аталган жаран (ред: Өмүрбек Бабанов) бир катар кылмыш иштери боюнча күбө катары суралып жатат. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында ал тез-тезден суракка чакырылууда. Жазык-процессуалдык мыйзамдарына ылайык тергөөнүн жүрүшү ачык жарыяланбайт».
Финполиция Бабановго байланыштуу «Кыргызстан» коммерциялык банкы боюнча эки ишти иликтеп жатканы белгилүү. Саясатчы ага каршы аталган банктын мурдагы акционерлери арызданганын билдирди жана «Кыргызстан» банкы ар дайым ага каршы саясий курал катары колдонулуп келгенин айтты.
Сөз болуп жаткан банктын мурдагы акционерлеринин бири Калича Умуралиева «Кыргызстан» банкы боюнча Бабановго каршы ушул жылдын январь айында Финполицияга эки арыз жазганын ырастады. Ал «Бабанов 2008-жылы банкты күчкө салып тартып алган жана 2006-2007-жылдары банктын акционерлерине түшкөн дивиденддерди 2010-жылы алып алган» - деп айыптап жатат.
«Биз «Кыргызстан» коммерциялык банкын коркутуп-үркүтүүлөр, басым менен сатканбыз. Банкты мына ушундай жол менен тартып алган. Бабанов өзүн саясаттын курмандыгы катары көрсөтпөй эле койсун. Ал болгону мыйзамсыз аракеттери үчүн, коррупция, рейдерлик жана Максим Бакиев менен болгон байланышы үчүн жооп берсин. Бизге «төлөп бергем» деген акча кайда кеткенин тергөө текшерсин. Бул жерде кайдагы саясат? Болгону териштирип, юридикалык баа берилсин».
Ал эми Өмүрбек Бабановдун тарапташтары саясатчыга каршы козголгон иштерди «ойдон чыгарылган жана көбү мурдагы бийликтин тушунда саясий негизде козголгон» деп эсептешет. «Республика» партиясынын мүчөсү Кубат Болотканов партия лидерине байланышкан иштер боюнча буларга токтолду.
«Өмүрбек Бабанов «тергөөгө барып, кандай суроолору болсо жооп берем» - деп келди. Кудайдын куттуу күнү эле «бармактан соруп» эки-үчтөн кылмыш ишин ойлоп чыга бергендин мыйзамдык негизи жок. Ал - Кыргызстандагы чоң партиянын лидери, экс-премьер-министр, президенттик шайлоодо 600 миңден ашык кишинин добушун алган. Ушундай саясий лидерге карата үчтөн-төрттөн ишти чаптай берүү жакшы көрүнүш эмес. Бийлик, тергөө органдары туура жыйынтык чыгарып, аягы мамлекет, эл жана биздин лидер үчүн жакшы болот деген үмүт бар».
Өмүрбек Бабанов ага козголгон иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыкты. Ал аталган мамлекеттик органдарда күн алыс алмак-салмак ар бир чакырылган сайын дээрлик беш сааттан суралууда.
Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон жана шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Быйыл 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген.