Ал президенттик шайлоо маалында Амир Темир кичи районундагы (Он-Адыр) билдирүүсүнө байланыштуу күбө катары чакырылган.
Бабанов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ага козголгон иш мыйзам чегинде жабыларына ишенерин айтты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Өмүрбек Бабановду ал Кыргызстанга кайтып келгенден кийин дээрлик эки жумадан соң суракка чакырды.
Ал Кыргызстанга келгенде дароо камакка албай, үй-бүлөсү менен жолугуп, кичи мекенине барууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн президентке жана күч түзүмдөрүнүн башчыларына ыраазычылык билдирди.
Бабанов бул тууралуу атайын кызматка суракка кирердин алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Өмүрбек Бабанов УКМКда беш сааттай сурак берип чыккандан кийин 2017-жылдагы президенттик шайлоо учурунда Амир Темирде сүйлөгөн сөзү боюнча күбө катары суракка алынганын айтып, буларга токтолду.
«Мага ачылган кылмыш иштери боюнча мыйзамдуу түрдө жооп берип, бардык иштер мыйзамдуу түрдө жабылат деп ойлойм. Менин күнөөм жок. Он-Адырда тартылган менин видеолорумду карап чыксаңар «чоң муштумдардан коркпогула, келип добушуңарды бергиле» деп айткам. Ал эми «Тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы» деген сөздү ар бир облуска барганда айткам. Мен Он-Адырда «биз көп улуттуу мамлекет болгонубузга сыймыктанышыбыз керек» дейм».
Башкы прокуратура Бабановдун 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Ага «Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу», «Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу» боюнча айыптар тагылган.
Бабановдун айтымында, ал 21-августта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция), УКМКга 23-августта кайра суракка барат.
Буга чейин 19-августта Финансы полициясына «Кыргызстан» коммерциялык банкы боюнча жандандырылган кылмыш ишине байланыштуу беш сааттай сурак берип чыккан.
Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаал боюнча азырынча кенен-чонон пикирин айтуудан карманууда. Тек саясаттан кеткенин айтканын, убадасынан тайбай турганын гана билдирүүдө. Ал ириде ага каршы козголгон кылмыш иштери токтотулган соң гана мындан аркы иш-аракети тууралуу ойлонорун айтты. Кыргызстанга саясатка баруу үчүн эмес, «өлкөдөгү курчуп турган кырдаалды токтотуу» үчүн кайтып келгенин айтты.
Анткен менен саясат талдоочу Алмаз Тажыбай Өмүрбек Бабановдун саясатка кайра аралашуу ниети бар деген пикирде.
«Бабановдун саясатка толук кандуу киришкенине ага козголгон кылмыш иштери тоскоолдук кылып жатат. Ошондуктан ал өзүнө мыйзамдуу түрдө жол ачууга аракет кылууда. Бабанов кылмыш иштеринен арылса гана саясатка аралашат. Себеби, саясаттын жолу ушундай. Саясатчы саясий ишин убактылуу токтотуп коюшу мүмкүн. Бирок саясат деген ушул кетип кайра келе беришет. Анын үстүнө Бабановдун «Республика» партиясы кийинки парламенттик шайлоого катышышы керек да».
Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтып келиши мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камакка алынып, өлкөдө саясий кырдаал чыңалып турган учурга туш келген. Ушундан улам коомдо «Бабанов бийлик менен сүйлөшүп алып келди» деген пикирлер жаралган. Ал өзү бул сөздөрдү жокко чыгарды.
Деген менен эксперт Марат Казакбаев Бабанов буга чейин жакын адамдары аркылуу бийликтин тилин табууга аракет кылганын айтып жатат.
«Бабанов Орусияда жүргөндө Руслан Казакбаев жана командасындагы башка кишилер аркылуу бийлик менен сүйлөшүүгө аракет кылганын көрдүк да. Бирок ал ишке ашпай калган. Бабанов президент менен сүйлөшүүгө аракет кылып атат. Бирок президент ишти укук коргоо органдары териштирсин дегендей кылды окшойт. Бирок Бабановдун максаты президентке анын айланасындагы адамдар болобу, кандай гана жол болбосун сүйлөшүш керек болуп атат».
Өмүрбек Бабанов быйыл апрель айында эле Кыргызстанга келерин билдирип, бирок келбей калган. Ошол учурда Москвадан жасаган билдирүүсүндө ал «ар кандай башаламандыктын алдын алып» өлкөгө келүүдөн баш тартканын жүйө кылган.
Жарандык активист Гүлжигит Исаков ал эми бул жолу анын Кыргызстанга келиши бийлик менен көмүскө келишимдер болушу мүмкүн деген пикирлерге түртүп жатканын айтууда. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоодо Өмүрбек Бабанов тууралуу билдирүүсүн эске салып, буларды белгиледи.
«Сооронбай Жээнбеков шайлоодо Бабановго «коррупция менен күрөштү сенден баштайм» деп айтып, элге убада убада берген. Бирок Бабанов бийликке кандай саясий жүрүштөрдү жасап койду да президент ал сөзүн унутуп калды? Мына ушул суроого жооп табуу керек болуп турат. Шайлоодо айтылган 25 суроо берилбей эле бийлик көзүнө деп УКМКга, Финполицияга чакырымыш болуп жатканына караганда Бабанов бийликке эмне кылышы мүмкүн? Сооронбай Жээнбеков «25 суроом» бар деп катуу айткан. Ал суроолор жөн эле суроо эмес салмактуу суроолор болсо керек».
Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон жана шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген.
УКМКнын 8-августта тараткан маалыматына караганда, Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган. Учурда экинчи кылмыш иши токтоп турат.