«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалып, саясий кырдаал чыңалып турган маалда Орусиядан кайтып келди. Ушу тапта ал кичи мекени Таласта жүрөт. Аны Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаттары Кенжебек Бокоев, Руслан Казакбаев, Мирлан Жээнчороев баш болгон үзөңгүлөштөрү коштоп жүрүшөт.
Cапар жөнүндө Мирлан Жээнчороев «Бабанов Таласка эл-жерине учурашканы келди, эч кандай саясат жок» деп түшүндүрдү:
«Өмүрбек Токтогулович бир жыл 9 ай Кыргызстанда болгон жок. Таласта ата-энесинин үйү бар. Ал өзүнүн айылына келди. Ага чейин ыйык жер болгон «Манас-Ордого» зыярат кылып, жакындары менен түлөө өткөрдү».
Бабанов Орусиядан Бишкекке 9-августта учуп келген. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан жүздөгөн тарапташтары тосуп алышкан. Бабанов анда кыска билдирүү жасап, буга чейин ага козголгон кылмыш иштери боюнча сурак берүүгө даяр экенин айткан. Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын жарыялаган.
УКМКнын маалыматына караганда, ага эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган. Мындан соң Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, 1,5 жылга жакын Орусияда жүргөн. Азырынча эки кылмыш иши козголгон саясатчыга карата эч кандай тергөө амалдары баштала элек.
Бабановдун кайтышы менен акыркы саясий кырдаалдан улам ар кыл себептер менен өлкөдөн чыгып кеткен саясатчылар кайтабы, дегеле саясий конфигурация кандай өзгөрүшү мүмкүн деген суроонун мааниси артты.
Алгач болуп сыртынан жети жылга соттолгон Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов Кыргызстанга кайтуунун мүмкүнчүлүктөрүн карап жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Мырзакматов жетектеген «Улуттар биримдиги» партиясынын жооптуу катчысы Клара Соорокулова билдирди:
«Мелис Мырзакматовдун өлкөгө кайтып келүүгө укуктук мүмкүнчүлүгү бар. Эгер ага чыккан сот өкүмүн изилдей турган болсок, ал жерде эч кандай укуктук негиз жок экени ачык эле көрүнүп эле турат. «Курула элек көпүрө үчүн дымактуу план койгон» деп кесип жиберишти. Азыр кайтып келүү боюнча кеңешип жатабы, менин кабарым жок. Бирок Мырзакматовдун Кыргызстанга кайтууга ниети бар. Укуктук жактан мүмкүнчүлүктөрү бар. Жогорку соттун чечими чыга элек. Ыңгайлуу учур болгондо пайдаланышы мүмкүн».
Мырзакматовдон башка деле учурда кылмыш иши козголгон соң өлкөдөн чыгып кеткен саясатчылар, мурдагы жетекчилер бар. Алардын катарында мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев, УКМКнын экс-төрагасы Бусурманкул Таабалдиев өлкөдөн чыгып кеткен. Бирок алардын көпчүлүгү Атамбаевге жакын үзөңгүлөштөр катары белгилүү.
Айрым саясий эксперттер Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалышы менен өлкө бийлигинин башка саясий күчтөргө карата мамилеси өзгөрүшү мүмкүн экенин билдиришүүдө. Анын үстүнө буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков 8-августтагы парламентке кайрылуусунда бардык саясий күчтөрдү биригүүгө чакырган эле.
«Сереп» иликтөө борборунун башчысы Искендер Ормон уулунун айтымында, бийликтин акыркы чакырыгы азыркы кырдаалдан көз каранды.
«Албетте, акыркы кырдаал саясаттагы баланска таасирин тийгизбей койбойт, - дейт ал. - Эми бул кырдаал кандай өнүгөт жана кимдин пайдасына болот - бул учурдагы башкаруучуларга көз каранды. Мисалы, ушул кырдаалдан соң кайсы бир жакшы өзгөрүүгө мүмкүнчүлүк катары да колдонсо болот. Ал кандай мүмкүнчүлүк? Белгилүү бир демократиялык көз карашы бар, укуктун негизинде иш жүргүзгөнгө кызыккан, эл арасында кадыр-баркы бар саясатчыларды кайрадан саясий майданга кайтарып, алардын конструктивдүү оппозиция болушуна жол ачса болот. Бирок ошол эле учурда ушундай шартта тарыхта бийликти өз алдынча колдонууга аракет кылып, чыңдап, опурталдуу жолго түшүп алган мисалдар бар. Аны эстен чыгарбаш керек».
Ошол эле кезде Атамбаев бийликте турган кезде камакка алынган саясатчыларды эркиндикке чыгаруу боюнча да чакырыктар айтыла баштады.