Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Кой-Таш иши: төрт адам камакка алынды


Фарид Ниязов, 10-август, 2019-жыл
Фарид Ниязов, 10-август, 2019-жыл

10-августта Кой-Таштагы окуя боюнча сотто айрым адамдардын бөгөт чарасы аныкталды.

Бул күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда президенттик аппараттын мурдагы башчысы, Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакка алынды.

Маалыматка ылайык, Ниязовго Кылмыш кодексинин 244-беренеси ("Адамды барымтага алуу"), 264-беренеси ("Массалык башалмандык уюштуруу") жана 43-беренеси ("Кылмышка катышуу") боюнча айып тагылды.

Соттун чечими боюнча Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү Кыяз Смайлов, Алга Кылычев жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагында камакта болот.

Атамбаевдин тарапкерлеринин бөгөт чарасы аныкталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00

Аталган адамдар 7-августта Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн барган УКМКнын аскерлерин барымтага алган жана массалык башаламандыкты уюштурган деп шектелүүдө.

Алга Кылычев Социал-демократиялык партиянын мүчөсү, буга чейин “Сакчы” деп аталган элдик кошуундун башчысы катары өзүн тааныштырып жүргөн. Ал эми Амантур Жамгырчиев болсо 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыркагандар түзгөн “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин башчысы, Кыяз Смайлов болсо быйыл Атамбаевди коргоо үчүн түзүлгөн “Элдик штабдын” башчысы деп айтылып келген.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. 8-августта Кой-Таш айылында күч түзүмдөрү экинчи жолу атайын операция жүргүзүп, Алмазбек Атамбаев жана анын айрым тарапташтары кармалган. Күч кызматтары менен Атамбаевдин тарапкерлери ортосундагы кагылышуудан жалпысынан кырктан ашуун адам жабыркаган.

Алмазбек Атамбаевди кармаган учурдагы видео
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:52 0:00

Кармоо операция учурунда 12 аскер жаракат алып ооруканага түшкөн. Ал эми операцияны жетектеп барган подполковник Үсөн Ниязбеков ок жеп каза болгон. Мындан сырткары Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов жаракат алып, учурда оор абалда ооруканада жатат. Ал жасалма дем алуу аппаратына туташтырылган, эсине келе элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, аны сотко чейинки өндүрүш аралыгында же тагыраагы 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал баруудан баш тарткан.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин тарапкерлери аны суракка чакырууну "саясий куугунтук" деп атап, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө "элдик штаб" түзүп, топтолуп турушкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG