Улуттук коопсуздук комитетинин Тергөө абагына камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тергөө документтерине кол койгон жок. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди. Анын айтымында, Атамбаев алгачкы сурак маалында кылмышка шектүү боюнча кабарламага, сурак протоколуна, бөгөт чарасын аныктоо боюнча токтомго кол коюудан баш тарткан. Мындай жол менен мурдагы президент өзүнө козголгон кылмыш ишинин мыйзамсыз экенин билдиргенин жана буга акысы бар экенин адвокат кошумчалады.
Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаев иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын карап 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды.
Атамбаев Жазык кодексинин «Кылмышка кошо аралашуу» жана «Коррупция» беренелери боюнча шек саналууда. Мындан тышкары Башкы прокуратура 8-августта Кой-Таштагы башаламандык, бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү, аскер адамын өлтүрүү жана барымтага алуу фактылары боюнча кылмыш ишин ачкан эле. Бирок ал фактылар боюнча Алмазбек Атамбаевге кылмышка шектүү катары азырынча айып коюла элек. (BkA)