Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:22

Парламент Кой-Таш менен катар Солтон-Сары маселесин да карамай болду


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш ушу тапта кезексиз сессия өткөрүп жатат. Жыйынга 61 депутат катышууда.

Маалымат бериш үчүн парламентке күч түзүмдөрүнүн жетекчилери барышты.

Сессия Кой-Таштагы абалды талкуулаш үчүн чогулду. Бирок депутаттардын талабы менен Солтон-Сары маселеси да каралмай болду.

7-августта Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча суракка алып кетүү аракети көрүлдү, бирок ишке ашкан жок. Натыйжада анын тарапкерлери менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда кагылышуу чыгып, УКМКнын бир офицери курман болду, андан башка 51 адам ар кандай жараат алды. Арасында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, Атамбаевдин тарапкерлери бар.

5-августта Солтон-Сары алтын кенинде жергиликтүү тургундар чогулуп, кытайлык компаниянын чыгып кетишин талап кылышты. Натыйжада 20дан ашуун кытай жараны сабалган. (RK)

XS
SM
MD
LG