Америкалык активистке хижабы жок сүрөттөрүн жөнөткөн ирандыктар 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу “Ассошейтед пресс” жазды. Активист Масих Алинжад Иранда милдеттүү түрдө хижаб кийүүгө каршы “Ак шаршемби” өнөктүгүн баштап, аялдарды жоолугу жок сүрөттөрүн Интернетке жарыялоого чакырган.
Ирандагы жарым-жартылай расмий деген "Fars" агенттиги дүйшөмбү күнү Тегеран сотунун башчысы Муса Газанфарабадинин “Ким хижабды чечкен сүрөтүн жөнөтсө жана башка аялдарды ошого чакырса 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн” деп айткандарын жарыялады.
Коомдук жайларда дене-башын жаап жүрүүгө милдеттендирген мыйзам Иранда 1979-жылкы Ислам ыңкылабынан кийин киргизилген. Мыйзамды бузгандар эки айга камалып же 25 доллар айып пул төлөшөт.