Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Путиндин тун кызы бизнеске аралаштыбы?


Мария Воронцова.
Мария Воронцова.

Би-Би-Синин орус кызматы Владимир Путиндин улуу кызы деп саналган Мария Воронцованын бизнесин иликтеп чыкты.

Ага ылайык, Мария Ленинград облусунда заманбап медициналык борбор курганы жаткан "Номеко" деген компаниянын акционерлеринин бири.

Владимир Путиндин Мария жана Катерина деген эки кызы бар экени маалым. Бирок алардын жеке жашоосу, кесиби, иштеген жери тууралуу расмий маалымат дээрлик берилбейт.

Би-Би-Синин иликтөөсүнө ылайык, "Номеко" компаниясы ушул жылдын башында түзүлгөн. Компания рак оорусун дарылоонун жаңы ыкмасын табуу жаатында алектенет жана Ленинград облусунда көп функционалдуу медициналык борбор курганы жатат. Владимир Путиндин улуу кызы делген 34 жаштагы Мария Владимировна Воронцова "Номеконун" акционерлеринин бири.


Өткөн айда Ленинград облусунда ири оорукана курулганы жатканы тууралуу "Согаз Медицина" камсыздандыруу компаниясынын башкы директору Владислав Баранов айтып чыккан. Ал мындай комплекс 2021-жылы ишке берилерин билдирген.

"Согаз Медицина" Ленинград облусунун өкмөтү, "Газпром", "Роснефти", жана "Росатом" мамлекеттик компаниялары менен кызматташат. "Согаздын" башкармалыгынын башчысынын орун басары Владимир Путиндин аталаш тууганы Михаил Путин. Компанияны Антон Устинов жетектейт. Устинов убагында Владимир Путиндин кеңешчиси болгон.

Ушул кезге чейин Мария Воронцованын медицина илимдериндеги жетишкендиктери тууралуу гана маалымат болгон.

Орусиядагы федералдык телеканалдардагы сюжеттерде Мария Воронцова 2017-жылдан тарта көрсөтүлө баштаган. Өткөн айда "Россия" телеканалында Санкт-Петербург шаарында рак ооруларын нур менен дарылоо боюнча эл аралык жыйындан репортаж көрсөтүлгөн. Анда балдар эндокринологу, "Номеко" компаниясынын акционерлеринин бири Мария Воронцова ракка чалдыккан балдарды жаңы ыкмалар менен дарылоо боюнча сөз кылган.

"Нур менен дарылоо технологиялары балдардын курагына, айрыкча онкологияда өтө ыңгайлуу. Балдар онкологиясы чоңдордукунан айырмаланат. Биз балдар онкологиясы боюнча фундаменталдык иликтөөлөрдү жүргүзө алгандыктан андагы ооруларды дарылоо жолун таба алабыз", - деген Мария Воронцова​.

Ленинград облусундагы жаңы медициналык борбор 30 гектардан ашык жерге курулат жана аянты 200 миң чарчы метрди ээлейт. Ошондой эле жылына кеминде 20 миң оорулууну кабыл ала тургандай мүмкүнчүлүгү болот.


"The New Times" басылмасы мындан беш жыл мурда Путиндин улуу кызы деп саналган Мария Воронцова 2006-2011-жылдары Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинде фундаменталдык медицина факультетинде окуганын, эндокринология боюнча илимий иш жактаганын, диабет оорусун дарылоо боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын жазган. Ошондой эле Мария голландиялык жаранга - Йоррит Йост Фаассенге турмушка чыкканын, бир кызы бар экенин билдирген. Бул маалыматты Путиндин үй-бүлөсүн жакындан билген булактар да ырастаган.

Путиндин кичүү кызы экени айтылган Катерина Тихонова жана анын "Иннопрактика" фонду тууралуу 2015-жылдын башында белгилүү болгон. Анда аталган фонд МГУда илимий-технологиялык өрөөндүн концепциясын даярдап жатканы айтылган.

Владимир Путин маалымат жыйындарды, түз байланыш учурунда, интервьюларында кыздары тууралуу кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартып келет. Болгону кыздары Орусияда экенин жана өз өлкөсүнөн башка жакта иштебегенин айтып жүрөт. Билимди да орус окуу жайларынан гана алганын, алар үч чет тилде эркин сүйлөрүн, бизнеске, саясатка аралашпай турганын маалымдаган, кыздары менен сыймыктанарын кошумчалаган.

Владимир Путин таята экенин, бирок неберелери менен ойногонго чолосу тийбей турганын моюнга алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG