Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда Кыргызстан тараптан 15 киши жабыркап, ооруканага түштү. Алардын 12си октон жараат алган, үчөөнө таш тийген. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жабыркагандар арасында милиция, чек ара кызматкерлери, жергиликтүү тургундар бар.
22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Расмий маалымат боюнча кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.
Буга чейин Ворух кеңешинин Тожикон маалесинин башчысы Гафуржон Жураев кагылышуудан жергиликтүү бир тургун каза тапканын, дагы жети киши жараат алганын “Азаттыктын” тажик кызматына билдирген. Ал окуяда кыргыз айылынын тургундары аңчылык мылтык колдонсо, тажик тарап таш ыргытканын айткан.
Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин, ок атышуу токтогонун билдирди. Ушул тапта Исфара – Ворух жолу жабылып турат. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызамткерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү абалды жөнгө салуу үчүн биргеликте иш жүргүзүүдө.(КЕ/JsA)