Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:20

Финпол аттестаттардын ката басылганын иликтейт


Катасы менен кеткен аттестат. "н" тамгасынын ордуна "ң" жазылып калган. 2019
Катасы менен кеткен аттестат. "н" тамгасынын ордуна "ң" жазылып калган. 2019

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттарынын ката басылып чыкканы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин баштады. Катага байланыштуу фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Аталган мекеме тараткан маалыматка караганда, 2019-жылы орто мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр үчүн ар кандай ката менен жазылган 95 миң аттестат тапшырылган.

Социалдык тармактарга Нарын облусунун Туз айылындагы мектепте берилгени белгиленген, ката жазылган аттестаттын сүрөтү жарыяланган. Анда “окончила среднюю реднюю школу” деп жазылып калган.

Быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатында ката кеткени боюнча маселе буга чейин дагы көтөрүлгөн. Анда «н» тамгасынын ордуна «ң» жазылып калганы коомчулуктун сынына кабылган.

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп бүтүрүүчүсүнүн аттестатындагы ката боюнча жооп берип, Туз айылында ката кеткен 10 аттестат алмаштырылып берилгенин айткан.

Мекеменин басма сөз кызматы "мындай басылмадан кеткен техникалык каталар жыл сайын кездешерин жана алар алмаштырылып берилерин" айткан.

Быйыл 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 61 миң аттестат, 9-классты бүткөндөргө 98 миң күбөлүк даярдалды. Аны "Учкун" ачык акционердик коому басты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG