Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Кыргызстан ЮНЕСКОнун жыйынына катышып жатат


Кыргызстандын өкүлдөрү ЮНЕСКОнун жыйынында. 3-июль, 2019-жыл.
Кыргызстандын өкүлдөрү ЮНЕСКОнун жыйынында. 3-июль, 2019-жыл.

Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев башында турган кыргыз делегациясы БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму - ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастары өкмөт аралык комитетинин Баку шаарында өтүп жаткан жыйынына катышууда.

43-сессиянын алкагында «Кыргызстандын маданий жана жаратылыш мурастары» аттуу көргөзмө уюштурулду. Ачылыш аземине Азербайжандын маданият министринин орун басары С.Мамедалиев, ЮНЕСКОнун Азия - Тынч океан аймагы боюнча борборунун башчысы Ф.Жинг, Казакстандын, Өзбекстандын вице-премьер-министрлери катышып сөз сүйлөштү.

Жыйын 30-июнда расмий башталып, 10-июлга чейин уланат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине «Манас, Семетей, Сейтек» трилогиясы, төкмө акындардын өнөрү, ала кийиз, шырдак жасоо өнөрү, көк бөрү ат оюну, боз үйдү жасоо (Кыргызстан, Казакстан), Айтыш төкмөчүлүк өнөрү (Кыргызстан, Казакстан), лаваш, катырма, жупка, юфка жасоо маданияты (көп улуттук номинация), көкбөрү салттуу ат оюну киргизилген.

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарынын тизмесине кирген объектилер: Сулайман-Тоо ыйык тоосу, орто кылымдарга таандык шаарлардын урандылары: Чүй облусунда — Бурана (Баласагын), Ак-Бешим (Суяб), Красная-Речка (Невакет) жана батыш Тянь-Шанда — (Сары-Челек, Падыша-Ата, Беш-Арал). (КЕ)

XS
SM
MD
LG