Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

3-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Нарын, Орто-Токой суу сактагычы.
Нарын, Орто-Токой суу сактагычы.

3-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тооллорго кар түшөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында нөшөр болот. Тоо этектеринде мөндүр жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 22…27,

Талас жергесинде түнкүсүн 15…20, күндүз 21…26,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 21…26,

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17° болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 20…22, күндүз 24…26° жылыйт.

XS
SM
MD
LG