Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Арыста жарылууда каза тапкандардын саны үчкө жетти


Арыста ок-дары сакталган кампадагы жарылууда жараат алган 32 жаштагы сержант Абдикул Ахметов ооруканада көз жумду. Бул тууралуу коргоо министринин орун басары Тимур Дандибаев журналисттерге билдирди. Чымкент шаарынын тургуну Ахметов аскерге 2015-жылы чакырылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, медициналык жардам сурап 165 адам кайрылган, 89 адам ооруканага жаткырылган. Бүгүнкү күндө беш адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.

Ички иштер министри Ерлан Тургумбаевдин айтымында, шаардагы 43 миң адамдын 42 миңи коопсуз жайга көчүрүлдү.

Түркстан облусунун Арыс шаарында ок-дары сакталган кампада жарылуу 24-июнда болгон.

XS
SM
MD
LG