Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Аида Салянова камакта калды


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Бишкек шаардык соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы камакта калтырды.

5-июндан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Аида Салянованын бөгөт чарасы шаардык сотто жабык каралды. Сот залына саясатчынын адвокатынан башка эч ким киргизилген жок. 30 мүнөткө созулган жараяндан соң Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Салянованы камакка алуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырганы белгилүү болду.

Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык соттун басма сөз катчысы Айсулуу Исабек кызы маалымат берди:

«Шаардык соттун коллегиясы 2019-жылдын 5-июнундагы Биринчи май райондук тергөө сотунун токтомун өзгөртүүсүз калтырды. Адвокат Сыдыкованын апелляциялык арызы канааттандырылбайт жана бул аныктамага каршы даттанууга болбойт».

Соттук коллегиянын мындай чечимин сот имаратына чогулган Салянованын 30дай тарапкери нааразылык менен кабыл алды. Ал эми адвокаты Рабига Сыдыкова соттун бул чечимин «кылмыштуу аракет» катары баалады:

Рабига Сыдыкова.
Рабига Сыдыкова.

«Биз бүгүнкү соттун чыныгы жүзүн көрүп жатабыз. Менин доо арызым канааттандырылган жок. Соттук коллегия Биринчи май райондук сотунун токтомун негиздүү деп эсептейт экен. Бүгүн Аида Жеңишбековнаны камакта калтыруунун өзү кылмыш экенин түшүнбөгөнү абдан өкүнүчтүү. Ал мурдагы башкы прокурор деген макамга ээ. Аны тергөө абагында кармоо жүзүкаралык. Анткени бүгүн Салянова криминалдын коркунучу алдында турат».

Сыдыкова Аида Салянованын саламаттыгы да начарлап кеткенин билдирип, анын айынан бүгүнкү процесске келбегенин кошумчалады.

Негизи тергөө абагындагы Салянованын коопсуздугу акыркы учурда көп талкууланууда. Бул маселе парламентте да көтөрүлдү. Мисалы, Салянованын партиялашы, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев мурунку башкы прокурорду тергөө абагында кармоо бир катар мыйзамдарга каршы келерин айтты:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Аида Жеңишбековна башкы прокурор болуп турган кезинде өзү камаган кылмышкерлер менен чогуу отурат. Укукту сыйлаган өлкөдө мындай болбойт. Инисин өлтүргөн кылмышкер ошол жакта отурат. Үчүнчүдөн, инисинин өлүмү боюнча үй-бүлөнүн укугун, кызыкчылыгын коргогон Салянова болчу. Ошондуктан бул ишти токтотуш керек же Салянованы чыгарыш керек. Төртүнчүдөн, жалган жалаа менен Елисеевдин иши боюнча соттун чечими болсо да, анда кызы бой жеткенче жазаны аткаруу токтотулган. Анда гумандуулук бар болчу. Эң негизгиси - шектүү кайсы учурда тергөө абагына камалышы керек? Эгер бир нече жолу кылмыш кылса, качып кетүүгө аракеттенсе же тергөөгө басым жасаса. Бирок Салянованыкы үч жагдайга тең туура келбейт».

Депутаттардын мындай билдирүүлөрүнө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) дароо жооп кайтарып, Салянованы кармоонун шарттары тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, саясатчынын инисинин өлүмүнө шектүү адам Бишкектеги №1 тергөө абагынын эркектер кармалуучу режимдик корпусунда отурат жана Аида Салянова жакка өтө албайт.

Шаардык сот Салянованы камакта калтырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:10 0:00

ЖАМКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, мурдагы башкы прокурордун коопсуздугун сактоого бардык аракеттер көрүлүп жатат.

«ЖАМК «Аида Салянованын өмүрүнө кооптуу жагдай түзүлдү» деген маалыматты четке кагат. Кылмышка шектүүлөр камераларда отурат жана алар бекилүү. Буга кошумча видеокөзөмөл орнотулуп, ага борбордук аппараттан көз салса болот. Ал эми Салянованын жанында, аны менен кошо бир бөлмөдө киши өлтүрүүгө шектүү эмес, уурулук үчүн кармалган 27 жаштагы келин отурат», - деди ал.

47 жаштагы мурдагы башкы прокурор Аида Салянова 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаев түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошонуп кеткенине байланыштуу кайра тергеле баштаган кылмыш ишинин алкагында 3-июнда кармалган. Саляновага каршы көрсөтмөнү ошол кездеги атайын прокурор Майрамбек Акматалиев бергени айтылган.

Оппозициячыл маанайдагы пикирлери менен белгилүү Салянова төрт жашар кызы бар экенине жана буга чейинки ишмердигин эске албай камакка алынганы ар түркүн пикирлерди жаратууда.

Айрымдар Салянованы камакка алууну азыркы бийликтин негизги атаандашына айланган экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө алуу аракети катары баалап жатышат. Саясий эксперт Орозбек Молдалиев бул иш боюнча негизги жоопкерчилик президентке жүктөлөт деген пикирде.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

«Азыр бийлик десе эле сот бийлиги эмес, президентти түшүнүп жатабыз, - дейт ал. - Себеби, буга чейинки жылдарды эске алуу менен мындай чечимдер боюнча президенттин дарегине сын айтыла берет. Бул жагынан президентке деле кыйын болду».

Учурда Аида Салянованы эркиндикке чыгаруу жөнүндө талап менен жарандардын колу топтолуп жатат. Ушу тапта 2000ден ашык адам Саляновага колдоосун билдирген. Андан соң алар кайрылууну президент Сооронбай Жээнбековго жөнөтүүгө ниеттенишүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG