Ош шаардык соту 7-июнда чатакка аралашкан кызды үй камагына алуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматкери Бекзат Осмонкулов «Азаттыкка» 11-июнда билдирди. Анын айтымында, сот чечим чыгарууда кыздын жаштыгын, мурда соттолбогонун жана туруктуу жашаган жери бар экендигин эске алган.
Осмонкуловдун сөзүнө караганда сот чечимине нааразы тарап болгон жок.
5-июнь күнү Ош шаарында 16-23 жаштагы сегиз кыздын катышуусунда чатак чыккан. Анда бир кыз үч кызды бычак менен сайып, милицияга түшкөн. Кыз Кара-Суу районунун тургуну.
Бычак жеген кыздардын экөөнө операция жасалган. (ZKo\MdN)