Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Чек ара отрядынан качып кеткен аскер кармалганы кабарланды


Ала-Бука району.
Ала-Бука району.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука чек ара бөлүгүн өз алдынча таштап качып кеткен аскер кызматкери кармалды. Райондун аймагынан кармалган жоокер аскердик бөлүккө жеткирилип, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Мамлекеттик чек ара кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, окуя боюнча аскер прокуратурасына жана тийиштүү органдарга кайрылуу жиберилген.

Жоокер аскердик бөлүктү 9-июнда таштап кетип, эртеси кармалган. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы айтыла элек. (RsK)

XS
SM
MD
LG