Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:15

Суданда митингде өлгөндөр көбөйдү


Судан.
Судан.

Судандын ордо шаары Хартумда 5-июнда күч кызматкерлери демонстранттардын лагерлерин талкалап, кууп таратканда бери дегенде 60 киши мерт болду. Буга чейин Судандын Дарыгерлер комитети 3-июнда күч кызматкерлери демонстранттарга ок атып, кыркка жакын адам өлгөнүн, 300дөн ашык киши жарадар болгонун билдирген эле. Жарадарлардын санын тактоо мүмкүн болбой жатат, себеби Өткөөл аскердик кеңеш өлкөнүн көп жеринде Интернетти өчүрүп салды.

Эки ай мурда төңкөрүштөн кийин бийликтин башына келген Өткөөл аскердик кеңеш негизги оппозициялык коалициялар менен буга чейин жетишилген бардык макулдашууларды жокко чыгарган. Кечээ, 4-июнда аскердик кеңеш шайлоону тогуз айдын ичинде өткөрүү тууралуу чечим кабыл алган. Аскердик кеңештин бул чечимин акциялардын башында турган оппозиция четке какты. Оппозиция лидерлери жаңы администрациянын курамына кирүүнү жана бийликти үч жылдык мөөнөткө жарандык башкарууга өткөрүп берүүнү талап кылууда.

Суданда былтыр декабрда каршылык акциялары алгач азык-түлүктүн кымбатташына, накталай акчанын жетишсиздигине байланыштуу башталып, кийин президентти кетирүү тууралуу талаптарга өсүп жеткен.

Апрелде өлкөнү 30 жыл бою башкарган президент Омар ал-Баширдин бийлиги кулатылган. Бирок анын ордун ээлеген аскердик бийликти демонстранттар колдобой, жарандык өкмөт келишин талап кылып, көчөдө кала беришкен. Ошентип, Суданда демонстранттардын лидерлери менен өткөөл аскердик өкмөт кризисти жөнгө салууда мунаса таба албай жатышат.

XS
SM
MD
LG