Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Назарбаев Евразия жогорку экономикалык кеңешинин «ардактуу төрагасы» болду


Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков.
Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевге Евразия жогорку экономикалык кеңешинин «ардактуу төрагасы» деген макам ыйгарылды. Орус президенти Владимир Путин ушундай демилге көтөрүп, аны кеңештин башка мүчөлөрү да колдошту. Бул тууралуу казак президенти Касым-Жомарт Токаев 29-майда Евразия экономикалык кеңешинин Нур-Султан шаарындагы саммитинде билдирип, бул наам Назарбаевге «чөлкөмдөгү интеграцияга кошкон салымы үчүн» берилгенин кошумчалады.

Президенттиктен кетсе да, «элбашы» макамын сактап калган жана Казакстандын Коопсуздук кеңешин жетектеген Назарбаев бир күн мурда өзүнүн атындагы орден менен кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековду, орус лидери Владимир Путинди жана Беларус президенти Александр Лукашенкону сыйлаган.

Евразия Экономикалык Биримдигинин түзүлгөнүнө карата Нур-Султан шаарында уюштурулган саммитке уюмга кирген беш өлкөнүн лидерлеринен тышкары Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да катышууда.

XS
SM
MD
LG