Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:27

Жогорку Кеңеш төрт орунга министр тандоодо


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңеш бүгүн өкмөттөгү төрт бош кызматка сунушталган талапкерлерди карап жатат.

Өкмөттүн аппарат жетекчилигине Шамил Асымбековдун ордуна Самат Кылжыев, экономика министри кызматына Олег Панкратовдун ордуна Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине Нурбек Мурашевдин ордуна Эркинбек Чодуев, ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы кызматына Бакыт Шаршембиевдин ордуна Дастан Догоев сунушталууда.

Алардын талапкерлигин көрсөткөн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыйынга өзү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

Бул орундар өткөн аптада мурдагы жетекчилер кызматтан алынгандан бери бош турат. (RK)

XS
SM
MD
LG