Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

УКМКны реформалоо боюнча жыйында чыр чыкты


УКМКнын имараты. Бишкек.
УКМКнын имараты. Бишкек.

Кыргызстандык активисттер менен укук коргоочулардын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) реформалоону талап кылган жыйынында талаш-тартыш чыкты. Бишкекте өтүп жаткан отурумда катышуучулар бир топко чейин ой-пикирлерин айта албай, сөз сүйлөөнү сураган эки-үч киши менен талашып-тартышып жатышты.

Уюштуруучулар «УКМК жыйынды үзгүлтүккө учуратуу максатында чырды атайылап уюштурган» деген пикирлерин билдиришти. Ошондой эле «жыйынга келген бул кишилер - Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү» деген ойлор айтылды. Активисттер УКМКны «Орусиянын атайын кызматынын тапшырмасын аткарат» деп сынга алышты.

Ал эми сөз сураган адамдар өздөрүнүн дарегине айтылгандарды четке кагышты. Алардын бири «Антитеррор» коомдук бирикмесинен келгенин айтты. Жыйынтыгында уюштуруучулардын бири, активист Рита Карасартова жадыбал боюнча эки баяндама окулгандан кийин калгандарга сөз бериле турганын билдирген соң жыйын уланды.

УКМК жыйында айтылган дооматтарга комментарий бере элек.

Буга чейин Рита Карасартова баштаган топ «Президенттен УКМКны реформалоону талап кылабыз!» деп аталган онлайн петиция түзүп, кол топтой баштаган.

Петицияда УКМКны реформалаш үчүн бир нече сунуш киргизилип жатат. Алардын арасында Коррупцияга каршы күрөш кызматын УКМКнын карамагынан чыгаруу, мекемеден тергөө функциясын алып салуу сыяктуу демилгелер бар.

Активисттер ушу тапта бийликтин бардык бутактарын атайын кызмат көзөмөлдөп жатканын, мындай шартта парламент, соттор, аткаруу бийлиги ачык иштеши күмөн экенин айтып жатышат. Алар президент Сооронбай Жээнбековду учурдагы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, УКМКны реформалоого чакырышууда. Кол топтоо бир нече күн бою уланып, анын жыйынтыгында президентке кайрылуу жиберилет. (NT)

XS
SM
MD
LG