Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:30

Австрияда башталгыч мектепте хижаб кийүүгө тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Австрия парламенти башталгыч мектептерде хижаб кийүүгө тыюу салууну колдоду. Мыйзам долбоорун канцлер Себастьян Курцтун Австрия элдик партиясы менен оңчул-радикал Австрия эркиндик партиясы кубаттады.

Документте диний же идеологиялык баш кийимге тыюу салынганы жазылган. Бирок мыйзамдын еврейлер менен сикхтердин баш кийимине тиешеси жок. Алар чачты же баштын көп бөлүгүн жаппай турганы негиз келтирилген.

Өкмөт бул мыйзамды парламентке үч жолу сунуш кылган болчу. Аны колдогон депутаттар мыйзам мусулман кыздардын коомго аралашуусуна өбөлгө түзөрүн айтышса, оппозиция өкмөттү популизм менен алектенип жатат деп сындады.

Мыйзам бузгандарга 440 евро айыппул салынат. Мыйзамдын үстүнөн Конституциялык сотко кайрылса болот. Австриядагы мусулман коомчулугу парламенттин бул кадамын сындап, муну мусулмандардын укугун бузуу деп баалашты.

2017-жылы Австрияда коомдук жайларда бетин жапкан диний кийимдерди кийүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG