Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

Севастополдо крым татарларына арналган эстеликти талкалап кетишти


Аннексияланган Крымдагы Севастополь шаарынын жанында белгисиз вандалдар Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда курман болгон крым татарларына арналган эстеликти бузуп кетишти.

Орловка айлында мындан үч күн мурун жергиликтүү жамааттын аракети менен тургузулган мемориалдык тактыларга 64 кишинин аты чегилген, алардын 57си крым татарлары болчу. Таштан жасалган плиталарды 9-майга караган түнү талкалашкан. Орусиянын тартип коргоо органдары инцидентке реакциясын билдире элек.

Украинанын Кара деңиздеги Крым жарым аралын Орусия 2014-жылы аннексиялап алган. Ошондон бери аннексияга каршы чыккан жергиликтүү крым татарлары куугунтукка туш болуп келет. 1944-жылы Сталин крым татарларын нацисттер менен кызматташууда деп айыптап, аларды депортациялоого буйрук берген. Он миңдеген крым татары күчтөп көчүрүү маалында жана жолдо каза болушкан.

XS
SM
MD
LG