Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Чүйдөгү жер талашты комиссия иликтейт


Москва районуна караштуу Садовое айылында талаш болуп жаткан жер.
Москва районуна караштуу Садовое айылында талаш болуп жаткан жер.

Чүйдүн Москва районуна караштуу Садовое айылынын айрым тургундарынын өтүнүчү менен жер тилкелеринин мыйзамсыз сатылышын иликтеш үчүн жаңы, экинчи ирет комиссия түзүлдү.

Анын курамына Финансы полициясынын, Экотехинспекциянын, Акыйкатчы институтунун, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кирген. Аны өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Элкинбек Ашырбаев жетектейт. Комиссия мүчөлөрү 7-майда маселе менен жеринде таанышты.

- Бизден кийин да комиссия түзүлүп, «туура эмес болуп калды» дегенден алыс бололу, - деди комиссиянын башчысы. - Убагында ар бир кызмат өз ишин так аткарып, жердин баары такталганда мындай талаш-тартыш болмок эмес. Ошондуктан мамлекеттик администрацияга да сын айтабыз.

Садовое айылынын айрым тургундары аймактагы бир катар жер тилкелеринин сатылганын айтып, айыл өкмөттүн, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана ошол айылдагы жетекчилерди «жер мыйзамдарын бузду» деп айыптап чыгышкан. Бул маселе боюнча алар буга чейин да укук коргоо органдарына, президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышкан. Жергиликтүү бийлик тургундардын айткандарын четке кагууда.

«Азаттык» буга чейин аталган айылдагы жер мыйзамдарынын бузулушу боюнча атайын иликтөө тарткан. Анда айыл өкмөтү убада берип, акчасы төлөнгөн жер бир канча жылдан кийин ишкер Тургунбек Малабаевге берилип калганы тууралуу сөз болот. (КЕ)

"Ыңгайсыз суроолор": Бийлик аралашкан жер талаш

XS
SM
MD
LG