Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:15

Каракулова: Журналисттерди сотко бергендер акылга сыйбаган кенемте доолашат


«Интерньюс Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Элина Каракулова.
«Интерньюс Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Элина Каракулова.

«Интерньюс Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Элина Каракулова «Азаттыктын» иликтөөчү журналистине каршы жазылган доонун 50 миллион сомдук суммасы эч нерсеге негизделбегенин айтып, нааразылык билдирди:

- Биздин аткаминерлер жана бийликте тургандар тигил же бул редакциядагы жарнама канча турарын, ал ЖМК канча каражат таап жатканын деги билеби? Сот ошол доо арыздарды өзү эмнеге кабыл алат? Мисалы, «Азаттык» жарнамадан акча таппайт. Биз сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчтөн 15 сап өйдө жылабыз, кайра 15 сап ылдый түшөбүз. Ошентип эле секирип жүрөбүз. Өнүгүү жок. Мен 50 миллион деген санды көргөндө отурган жеримден кулап кете жаздадым. Ишкер болобу, бийликтеги адам болобу, алар мынчалык ири суммадагы доо арыз жазбашы керек. Журналисттер мынча акча таппайт.

Бүгүн, 3-майда медиа эксперттер «Сорос Кыргызстан» фонду менен Журналисттик иликтөө фонду уюштурган тегерек үстөлдө сөз эркиндигинин абалын жана журналисттерге болуп жаткан кысым тууралуу пикир алмашууда. (KR)

XS
SM
MD
LG