Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

АКШда орус жараны Мария Бутина 18 айга кесилди


Мария Бутина камакка алынгандан кийин, 17-август, 2018-жыл.
Мария Бутина камакка алынгандан кийин, 17-август, 2018-жыл.

Вашингтондогу сот орусиялык жаран Мария Бутинаны АКШнын аймагында каттоодон өтпөгөн Орусиянын тыңчысы катары аракеттенип жүргөн деп таап, 18 айга эркинен ажыратты.

Буга чейин прокурор да ушундай эле жаза чегерүүнү өтүнгөн.

30 жаштагы Бутина абакта дагы тогуз ай отурат, жазанын калган бөлүгүн өтөдү деп эсептелет. Андан кийин Орусияга депортацияланып, АКШга 10 жыл келе албайт.

Сот өкүмдү окуп жатып, Бутина «орусиялык аткаминердин» тапшырмасы менен Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугуна каршы ишмердик жүргүзгөнүн белгиледи.

Сотто орус аткаминеринин ысмы аталбаганы менен тергөөнүн материалдарында "Орусия банкынын" төрагасынын мурдагы орун басары Александр Торшин экени көрсөтүлгөн.

Соттун жүйөсүндө айтылгандай, Бутина чет элдик агенттерди каттоо эрежесин гана бузбастан, «Москва АКШдагы шайлоого кийлигишип жатканда» Кошмо Штаттар тууралуу маалыматты Орусияга жиберип да турган.

Бутина соттогу акыркы сөзүндө бирөөгө зыян келтирүү ниети болбогонун, «өз мекени менен ага жаккан өлкө ортосунда көпүрө түзүүнү» каалаганын айтты. Ал өзүнө тагылган айыпты мойнуна алып, жазаны жумшартууну суранды.

АКШда магистратурада окуп жүргөн студент, Орусиядагы «Курал укугу» деп аталган уюмдун мүчөсү Бутина былтыр июлдун ортосунда кармалган.

Ал буга чейин чет элдик агенттер жөнүндө америкалык мыйзамды бузганын мойнуна алган. Калган айыптарды, анын ичинде «Орусиянын кызыкчылыгын мыйзамсыз сүрөгөн» деген дооматты четке каккан.

АКШдагы таасирдүү «Улуттук курал ассоциациясы» аркылуу орустардын кызыкчылыгына кызмат кылган. Торшин бул иш боюнча айыпталган эмес, ал АКШ былтыр апрелде киргизген санкцияга илинген.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Бутинаны «саясий туткун» деп атаган.

XS
SM
MD
LG