Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2018-жылдагы иши боюнча отчетун угууну эртең да улантат. Маселени кароону бүгүн кечки тогузга чейин болсо да улантып аяктоо жөнүндө сунушка көпчүлүк көнгөн жок.
Бүгүн депутаттардын алдында сүйлөп жатып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) түзүмүндө айыл чарба өндүрүмүнүн көлөмү 204 млрд. сомду түзүп, өсүш 2,7% болгонун айтты.
12-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2018-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапкан.
20-марттагы отурумда парламентте азыркы өкмөттүн курамына ишенбестик көрсөтүү боюнча демилге көтөрүлгөн. Эл өкүлдөрү 2018-жылды жыйынтыктаганда да бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбаганын, 6 млрд. сомдон ашуун акча чогулбай калганын сынга алышкан.
Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде түзүлгөн. (RK)