Францияда «сары кемселчендердин» ишемби, 20-апрель күнү өткөн нааразылык акциясына 30 миңдей киши чогулду. Акциянын негизги бөлүгү Парижде өтүп, айрым жерлерде полиция аларга суу чачты.
«Сары кемселчендер» кыймылынын нааразылык акциялары 2018-жылдын ноябрь айынан бери өтүп келатат. Акциялар француз бийлигинин 2019-жылдан тартып күйүүчү май үчүн салыкты жогорулатуу тууралуу чечиминен кийин башталган. Кийинчерээк алар койгон талаптарга президент Эмануэл Макрондун кызматтан кетишин талап кылган ураандар кошулду. Париж салыкты көтөрүү боюнча өз чечимин абанын булганышына каршы чара катары түшүндүрүүдө.
Ошол убактан берки эки тараптуу кагылыштарда миңдей полиция жабыркаган. Митингчилер тараптан ондогон киши жараат алып, арасында майып болуп калгандары да бар. Адамдар курман болгон учурлар да катталган.