Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Жаза аткаруу тутуму боюнча Кытай менен кызматташтык талкууланды


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаев кытайлык делегация менен сүйлөшүү жургүзүүдө.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаев кытайлык делегация менен сүйлөшүү жургүзүүдө.

Кыргызстандын жаза аткаруу тутуму экстремизмге каршы күрөшүүдө Кытай менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында (ЖАМК) Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин расмий өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда диний экстремизмдин алдын алууда чогуу кызматташуу маселеси талкууланды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түрмөлөрүндө 600гө жакын адам экстремизм үчүн жазасын өтөп жатат.

Кыргызстан түрмө кызматкерлерин Кытайдын атайын мекемелеринде окутуу жана түрмөлөрдүн тегерегинде бош жаткан жерлерди өндүрүштүк максатта өздөштүрүү жагын да караштырып жатканы белгилүү болду. (RK)

XS
SM
MD
LG