Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Эквадордо Ассанждын өнөктөшү кармалды


Жулиан Ассанж.
Жулиан Ассанж.

Эквадордун полициясы чуулгандуу «WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын санаалашын кармады. Ички иштер министри Мария Паула Ромо тергөө сырына таянып анын атын атаган жок. Ал эми «Associated Press» Эквадор өкмөтүндөгү булактарга таянып маалымдагандай, сөз швециялык программист Ола Бини тууралуу жүрүп жатат. Аны баш калаа Китонун аэропортунан Токиого учуп кетмекчи болгондо токтотушкан. Эквадордун бийлиги «Бини өлкөдөгү кырдаалдын туруктуулугун бузууну көздөгөн жана мурдагы тышкы иштер министри Рикардо Патиньо менен байланышып турчу» деп шек санап жатат. Ички иштер министрлигинин жетекчиси Ассанжга жакын орусиялык эки хакердин артынан аңдуу жүрүп жатканын кошумчалады.

Ассанж 11-апрелде 2012-жылдан бери баш калкалап келаткан Эквадордун Лондондогу элчилигинде кармалган. «WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсү күрөөгө бошотуу шартын бузган деп айыпталууда. Британияда Ассанж бир жылга кесилиши мүмкүн. АКШда ага «купуя өкмөттүк докуменеттерди жарыялап жиберген» деген айып коюлууда. Вашингтон Лондонго кайрылып, аны экстрадициялоону суранды.

XS
SM
MD
LG