Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Экс-депутат Асылбек уулуна өкүм келерки аптада чыгышы мүмкүн


Дамирбек Асылбек уулу.
Дамирбек Асылбек уулу.

Казакстандын Алматы шаарынын райондук сотунда аткезчиликке байланыштуу айыпталган мурдагы кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулуна карата соттун өкүмү келерки аптада чыгышы күтүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» эл өкүлү, Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Руслан Чойбеков кабарлады.

Анын айтымында, буга чейинки отурумдарда жарыш сөзгө орун берилип, айыпталып жаткандар акыркы сөзүн айтышкан.

Прокурор соттон Асылбек уулун экономикалык аткезчилик үчүн айыптуу деп таап, аны мүлкүнөн ажыратып, 12 жылга эркинен ажыратууну жана жаза мөөнөтү аяктаган соң аны өлкөдөн чыгарып салууну суранган. Дамирбек Асылбек уулунун адвокаты Аскар Баймуратов айыптоолорду «жасалма жана ойдон чыгарылган» деп атаган.

Аткезчилик боюнча соттук процесс былтыр 19-октябрда башталган. Дамирбек Асылбек уулу менен кошо дагы 11 киши Кытайдан Орусия жана Казакстанга товарларды мыйзамсыз ташыгандыгы үчүн «эл аралык уюшулган топко тиешеси бар» деген негизде айып коюлган.

Былтыр февралда Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Кийин анын казак паспорту да бар экени аныкталган соң Борбордук шайлоо комиссиясы Асылбек уулун депутаттык мандаттан ажыраткан. Учурда Асылбек уулу Кыргызстандын жараны катары соттолууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG