Баткен шаарындагы №3 мектептин 15 окуучусу эмдөөдөн кийин ооруканага кайрылды. 9-апрель күнү шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адистери окуучуларды кезектеги эмдөөдөн өткөргөн.
Эмдөө алган балдардын арасынан башы айланып, 15 бала облустук ооруканага кайрылып, төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калгандары дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп жатышат. Бул тууралуу оорукананын өкүлдөрү жана ата-энелер кабарлашты. Дарыгерлер тобу абалды иликтеп жатат.
Азырынча мектептен, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. «Азаттыктын» кабарчысы балдар жаткан ооруканага барды. Окуянын чоо-жайы аныкталган соң маалымат берет. (JsA)