Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:17

КСДП: Ниязов менен Илмиянов саясий кеңешке киргиси келген жок


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Икрамжан Илмиянов жана Фарид Ниязов Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин курамына кирүүнү каалашкан жок. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, Ниязов жаштарга орун берүү максатында кеңешке мүчө болуудан баш тарткан.

«Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана «Апрель» коомдук фондунун аткаруучу директору бойдон кала берет», - деди Жолдубаева.

Ал эми Илмиянов болсо 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодон соң партиялык иштерден алыстагысы келерин билдирип, былтыр бул каалоосун ырастаган.

Жолдубаева ошого карабастан Икрамжан Илмиянов менен Фарид Ниязов КСДПнын мүчөсү бойдон кала берерин кошумчалады.

КСДП 6-апрелде жыйынын өткөрүп, саясий кеңешинин жаңы курамын жарыялаган. Ага 42 адам кирип, анын ичинде азыр абакта отурган Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов жана бир катар жаңы адамдар киргизилген.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөштөрү болгон Илмиянов менен Ниязовдун саясий кеңешке кирбей калганы айрым суроолорду жараткан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG