Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:31

«Коопсуз шаар»: жол кырсыктарынан жабыркагандар 44,4% азайды


Бишкек шаарындагы «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары.
Бишкек шаарындагы «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилгенден бери жол кырсыктарынан жабыркагандар өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44,4% азайды. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын маалыматы боюнча, жол кыймыл эрежелерин бузуу 37,5% азайып, ушуга чейин 38 385 протокол толтурулду. 40 586 эреже бузуу катталып, эреже бузган 15 411 айдоочу 20 млн. 202 миң сом айып төлөдү.

Жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «2019-жылдын 20-апрелине чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу башталат жана жыл аягына чейин бардык ири шаарларда жана республиканын трассаларында камералар орнотулат», деди.

«Коопсуз шаар» долбоору 12-февралдан тартып Бишкек шаарында иштей баштаган. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда. Долбоорду «Вега» концерни ишке ашырып жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG