Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

«Ак-Тилек» постунда кезекте турган автоунаалар 170ке жетти (видео)


Кыргыз-казак чек арасындагы 2017-жылдагы тыгындан бир көрүнүш.
Кыргыз-казак чек арасындагы 2017-жылдагы тыгындан бир көрүнүш.

«Ак-Тилек - Автожол» өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүү үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны 170ке жетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева билдирди.

Маалыматка караганда, казак тарап текшерүүнү күчөтүп, бир саатта 4-5 жүк ташуучу автотранспортун өткөрүүдө. Абдыкариева автоунаалар артка кайтарылган учурлар да бар экенин айтты.

«Казак тараптын текшерүүсүнөн өтпөй калган автотранспорттор артка кайтарылууда. Артка кайтарылган автоунаалар Кыргызстандын аймагына кирип кетпей «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинин аймагында калып калууда. Ошондон улам да тыгын пайда болуп жатат».

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек - Автожол» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-мартта тарта пайда болгон.

Мамлекеттик чек ара кызматы казак тарап азырынча текшерүү эмне себептен күчөтүлгөнүн түшүндүрө элек экенин кабарлады.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек - Автожол» бекети чоң жүк ташуучу транспорттор өтүүгө ылайыкталган жана аларды текшерүүчү рентген аппараттары менен тараза коюлган жалгыз гана пост.

Эки өлкөнүн башка өткөрмө пункттарында автоунаа каражаттарынын жана жарандардын топтолушу, узун кезеги байкалган жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG