29-март түнү Биринчи май райондук сотунда орус президенти Владимир Путинге каршы пикетке чыккан Нурлан Карымшаков менен анын жубайы Гүлзана Имаеванын бөгөт чарасы жабык каралды. Сот аларды тергөө аяктаганга чейин өлкө аймагынан чыкпоо шарты менен үйүнө коё берди.
Милиция 27-мартта Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына пикетке чыккан жубайлар Карымшаковдордун үйүн тинтүү учурунда көп суммада акча жана курал-жарак табылганын кабарлаган.
Активист Карымшаковдун сотуна башынан байкоо салып жаткан укук коргоочу Рита Карасартова автомат Нурлан Карымшаковдун атасыныкы экенин, ал айлана-чөйрөнү коргоо тармагында иштегендиктен, курал алып жүрүүгө расмий уруксат кагазы болгонун билдирди.
Укук коргоочунун айтымында, балкондо катылып турган автоматты атасынын көзү өтүп кеткенден кийин эч ким пайдаланган эмес. Нурлан Карымшаков жумушуна байланыштуу чет мамлекеттерге каттап турган. Паспортунда жакында барып келген Мексиканын жана Шенген аймагынын визалары бар. Тергөөчүлөр тапкан акча жакында сатылган үйдөн түшкөн каражат болгон, жаңы батирди сатып алуу тууралуу келишим жаңыдан даярдалып жаткан. (TSh/ZKo)