Укук коргоочу Рита Карасартова Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына пикетке чыккан жубайлар Карымшаковдордун үйүн тинтүү учурунда 17,6 миң доллар жана курал-жарак табылганы кабарланган соң «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү жазды. Ал автомат Нурлан Карымшаковдун атасыныкы экенин, ал айлана-чөйрөнү коргоо тармагында иштегендиктен курал алып жүрүүгө расмий уруксат кагазы болгонун билдирди.
Маалыматка караганда, балкондо катылып турган автоматты атасынын көзү өтүп кеткенден кийин эч ким пайдаланган эмес. Укук коргоочунун сөздөрүнө ылайык, Нурлан Карымшаков жумушуна байланыштуу чет мамлекеттерге каттап турган. Мындан улам анын паспортунда жакында барып келген Мексиканын жана Шенген аймагына каттаганга визалары бар. Карасартова тергөөчүлөр тапкан акча жакында сатылган үйдөн түшкөн каражат экенин жана жаңы батирди сатып алуу тууралуу келишим жаңыдан даярдалып жатканын да кошумчалаган.
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келерден бир күн мурун, жарандык активист Нурлан Карымшаков жана анын жубайы Гүлзана Имаева Бишкектеги орус элчилигинин астына пикетке чыгышкан. Жубайлар 27-март күнү эртең менен колдоруна «Путин - агрессор, канкор» жана «Ысык-Көлдө Путиндин торпедаларына жол жок» деген жазуусу бар плакаттарды кармап турганда милиция аларды кармап кеткен.