Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Свет аке - адилет коомдун символу


"Свет аке" фильминен кадр.
"Свет аке" фильминен кадр.

Жазуучу Аким Кожевдин "Свет аке" тасмасы тууралуу талдоосун сунуштайбыз.

Бүгүнкү көрөрмандардын көпчүлүгү окуя кубалаган жеңил-желпи мазмундагы фильмдерге азгырылып жаткан заманда кино өнөрүнүн дүйнөлүк классиги Ф.Феллининин картиналарына атүгүл искусствонун ушул жаатында билим алып жаткан жаштар да кызыкпай калгандыгын орустун эски муундагы бир режиссеру кейип айтканын кулагым чалган эле.

Бул өңүттөн алганда Актан Арым Кубат тарткан «Свет аке» фильмин да атайын даярдыгы бар, «айсбергдин деңиз астындагы жетиден алты бөлүгүн» (Э.Хемингуэй), б.а. кинонун ичиндеги кинону көрө билгендер гана толук түшүнбөсө, аламандын бүйүрүн кызыта албай тургандыгы айныксыз чындык. Эл аралык жана дүйнөлүк бир катар сыйлыктарды жеңген бул тасма тууралуу кыргыз коомчулугунда анча-мынча субъективдүү сын пикирлер айтылганы же учкай макталганы болбосо, али күнгө чейин жетиштүү талданып, калыс баасын ала элек.

Дилдеги жарык

Ошол эле Хемингуэй өзүнүн жазуучулук тагдырына таасир эткен улуу сөз чеберлеринин катарында Бах, Моцарт сыяктуу дүйнөлүк композиторлорду, Иероним Босх, Патенье, Гойя, Сезанн, Ван Гог, Гоген өңдүү көркөм сүрөт өнөрүнүн алптарын атайт. Анан калса чыгаан жазуучу талантынын такшалышына мыкты кинолордун да таасири чоң болгондугун танбайт. Ушул эле пикирди жапондун залкар кинорежиссёру Акира Куросава «Курбака майы» деген өмүр баяндык китебинде «кино өзүнө живописти да, адабиятты да, театр менен музыканы да жуурулуштурат» деп ырастайт. «Свет аке» фильми тууралуу сөз козгоп жатып, мен эң мурда дал ошол живопись менен музыканын, адабияттын (сценарийдин) бул фильмде кынтыксыз айкалышкандыгын баса белгилегим келет.

Айрым эпизоддордогу табият көрүнүшүнүн адам суктанарлык берилиши - (мыкты пейзажист сүрөтчүлөрдүн картиналарына даяр материал болуп бергидей), болгондо да көрүүчүнүн көз алдына ушунчалык тунук, ушунчалык даана тартылышы бир тараптан жергебиздин кооздугун даңазаласа, экинчи жактан башкы каармандын (Свет акенин) жан дүйнөсүнүн тазалыгын, аруулугун чагылдырат.

Пейили наристенин пейилиндей тунук, ой-кыялы жаш баланын ой-кыялындай аруу Свет акенин болгон-бүткөн адамдык нарк-насили, болгон-бүткөн касиет-сапаты бирде шаңдуу, бирде муңдуу жаңырган музыка менен табияттын кино объектив кармап калган керемет көрүнүштөрүндө улам ачылып отурат.

Адамдын ички толгонууларынын, анын убайым-кайгысынын табият жана музыка менен үндөшүүсү Актан Арым Кубаттын фильминде эң жогорку даражага жеткен деп тайманбай айтсак болот. «Уурулугу» ачылып, милийсалар кармап кеткен Свет акенин жубайы Берметтин күйөөсүнүн «елесипетин» жетелеп үйүнө кетип жаткандагы көрүнүш кандай таасирдүү чагылдырылган.

Берметтин жан дүйнөсүнүн уйгу-туйгу абалын жүрөктү өйүткөн музыка же аялдын этек-жеңин жулккулап озондогон шамал гана туюндурбайт, Свет акенин тагдырына кабатырланып шуулдаган дарактар менен бирге анын чамбиреги (вентилятору) да капсалаңдуу үн чыгарып, аны жоктоп жаткандыгына күбө болобуз. Ошол эле мезгилде тамырларына чейин жылаңачтанып дарактардын жетимсиреп турушу нысап-ыймандан кеткен башчылардын кесепетинен улам ач-жылаңач калганы аз келгенсип, эртеңки күндөн үмүтү үзүлүп, карайлап турган элдин тагдырынын метафоралуу образы эмеспи?

Свет акенин шамалдын жардамында ала турган жарыгы да – бир жагынан символикалуу жарык. Ал жарык Свет акенин өзүнүн адамгерчилигинин, айкөлдүгүнүн, жөнөкөйлүгүнүн, кең пейилдигинин гана жарыгы эмес, ал жарык – адамзат тукуму жаралгандан тартып өмүр бою жетсем деп кыялданып жүргөн, жалаң чындык менен адилеттүүлүк жашаган жыргал турмушту эңсөө, самоо жарыгы. Ал жарык – тазалыкка, бийиктикке, улуулукка умтулуу жарыгы. Кары-жашка дагы, балага дагы бирдей мамиле кылган Свет аке – ошол жарыктын, ошол тазалык менен аруулуктун учкунун алып жүргөн адам, баскан-турган жеринде, барган жеринде ошол жарыкты чачып жүргөн адам.

Кыялкеч

Достоевскийдин князь Мышкини сыяктуу, же Айтматовдун Эдигейи сыяктуу жогорку материя жөнүндө угуза ой жүгүртүп, тирүүлүктүн жакшылык-жамандыгы, оош-кыйышы жаатында сөз кылбаганы менен, Свет акенин да бүт турпаты гуманизм идеясына мүлдө каныккан. Дилинде чыныгы адамдык, адамгерчилик касиет жашаган анын карапайымдыгы, жөнөкөйлүгү атүгүл князь Мышкиндин жөнөкөйлүгүнөн да ашып түшөт.

Свет акенин бул сапаты ары бизнесмен, ары депутаттыка талапкер Бекзат менен болгон эки жолку маегинде таасын көрүнөт (адабий сындын тили менен айтканда, апогейине жетет). Лексиконунда гана эмес, бүтүндөй кишилик турпатында да текебердик, керсейүүчүлүктү мындай кой, кымындай да бой көтөрүүчүлүк болбогон ал Бекзаттын: - Свет күндөн-күнгө кымбаттап атат! Карапайым элге кыйын болуп кетти. Андай кымбат светтин кимге кереги бар? – деген сүрөмөлөөчү суроосуна:

- Мен билем айласын, жо, кечирип коюңуз, билем болуш керек, - деп жооп берсе, кийинки клубда болгон кезигишүүдө Бекзат трансформатор орнотуу колдон келеби деп сураса:

- Колдон баары келет,- деп кайра, - кечиресиз, келет болуш керек,- деп дароо сөзүн түзөйт. Кандай адам таң калаарлык жөнөкөйлүк! Ооба, улуулуктун жөнөкөйлүгү деген ушул. Айыл жериндеги катардагы «светчи» гана болуп туруп, керек болсо эки-үч дипломдууларга жукпай калган Свет акенин мындай бийик касиети анын тубаса интеллигент экендигинен кабар берет. Ал эми бүгүнкүнүн манабы Бекзат шылуун гана эмес, амалкөй дагы, акылдуу дагы, жеткен куу дагы. Свет акенин жаш баладай баёолугунан, ишенчээктигинен пайдаланып анын ишенимине кирет, анын көңүлүнө жага турган сөздөрдү таап сүйлөп алдайт, өз кызыкчылыгына пайдаланууну көздөйт.

Көзүн май басып, материалдык байлыктан башканы ойлобой калган Бекзат айыл өкмөттүн төрагасы Эсендин өлүмүнө себеп болгону аз келгенсип, анын өлүмүн өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануудан да кайра тартпайт. Эсенди эскерип, айылдыктарга чай берген болуп, тирүүлүктүн оопасыздыгы тууралуу «терең философиялуу» сөздөрдү сүйлөгөндө жердештеринин баары муюп угуп, табиятынан карапайым, ишенчээк эл ал койнунда кандай котур ташты катып тургандыгын байкабайт. Биз мында бир айыл калкынын эле эмес, а жалпы кыргыз элинин ашкере ишенчээк, момун, баёо мүнөзүн, болгондо да дал ошол мүнөзү көп учурда өзүнүн башына келтек болуп тийерин көрүп тургандайбыз.

Нысап дегенден куржалак калып, өз элинин убалын мындай кой, Кудайдын барлыгын да унуткан башчылардын алдым-жуттумунан, арааны ачылган ачкөздүгүнөн таланып-тонолгон эл айрым учурда бир сындырым нанга да акча таппай мукурап турганда Свет аке өз элине шамалдын жардамында арзан жарык берүүнү кыялданат.

Азыр чыгармалары улам кеңири таанылып бараткан англиялык жазуучу Аллен Жеймс мындан жүз жыл мурда: «Кыялкеч адамдар – дүйнөнүн түркүгү», - деген экен. Адамдын тагдыры, турмушу анын пейилине, ой жүгүртүүсүнө жараша курулат, б.а. улуу ойлор улуу адамды жаратат, пас ойлор пас адамды жаратат деп айткан залкар жазуучуну замандаштары баалабагандай эле, Свет аке да эч кимден колдоо таппайт, анын бул максатын өмүрлөш жары да түшүнбөй, «апенди чалыш» деген атка конот. Свет аке ойлоп жүргөн нерседен кандай чоң пайда тапса болоруна дароо көзү жеткен Бекзат кыраакы жырткыч сыяктуу аны машине жөнөтүп офисине алдырат. Ушул жерде дагы бир жүрөктү жылыткан эпизодго дуушар болобуз. Өзүнүн чыныгы адамдык жүзүн жоготуп, такай чүмбөт жамынып жашап калган кубулма жүздүү Бекзат кол алдындагыларга:

"Бул эмне кылганыңар светти уурдап, мамлекетке биз төлөбөсөк ким төлөйт!?", – деген «мекенчил» эмоция менен опурулуп бир тийгенде, Свет акенин өзүнө да катуу тап кетип, Бекзаттын кабинетинен алган төрт даана момпосуйду кайра ордуна коё салат. Башкача айтканда, миллиондорду уурдаган Бекзаттын калп сүйлөп жатып бети бүлк этпесе, жокчулуктун айынан таттуу эмне экенин унутуп калышкан секелек кыздары үчүн төрт момпосуйду «уурдаган» Свет аке өзүн аябай ыңгайсыз сезет.

Свет акенин «уурулугу» жана төбөлдөрдүн төө чечмейи

Свет аке үчүн бул жашоодо эң кымбат нерсе – адам, адамдын өмүрү. Ошондуктан ал өз тагдырын тобокелге салып (жазык жоопкерчилигин айтпаганда да бүгүнкү киши үчүн жумушсуз калуу – өтө кооптуу жагдай), пенсионерлерге жана дагы кимдир бирөөлөргө светти уурдап берет. Албетте, бул жерде тасма хронологиялык жактан акаевдик доорду камтыгандыгы менен Бакиевдин заманынын да чагылгандыгына күбө болобуз. Кереметтүү көл жээгиндеги бул айылдыктардын бир караганда мыйзамсыз көрүнгөн мындай аракети – ички ынанымдан, ишенимден келип чыккан нааразылык, маңдай тери, каны менен ата-бабалардын кашыктап жыйган дүйнө мүлкүн чөмүчтөп чачып жаткан мамлекет башчыларына өчөшкөндүк. Заңкайган хан сарайларда жашагандар электр кубатын эсепсиз коротуп, бирок мамлекетке сокур тыйын бербей тайраңдап жүргөндө, карапайым элди уурдайт деп күнөөлөгөн канчалык туура болот? Свет акенин бул «уурулугу» Олимп тоосундагы кудайлардан адамдарга от уурдап келген Прометейди эске салат.

Актан Арым Кубаттын бул фильминдеги жүрөктү титиреткен эпизод – Бекзаттын кытайлык инвесторлорду сыйлап, алар үчүн «унутта калган эски салт төө чечмейди жандандырышы». Ушул жерде бир аз чегинүү жасап, төө чечмейдин тарых-таржымалы туурасында учкай кеп салып өтпөсөк болбойт. Ырас, кайсы бир заманда кыргыздын турмушунан орун алган бул бейчеки салтты такыр болгон эмес деп жокко чыгара албайбыз. Бул уяттуу салтты «Манаста» дале учуратабыз. Бирок ал кезде ар нерсе өз ордунда болгон, б.а. мындай көрүнүштөр турмуштун таман астындагы дегендей түпкүр, киргилт жагы болгон.

"Свет аке" тасмасынан кадр.
"Свет аке" тасмасынан кадр.

Эр сайыш, балбан күрөш сыяктуу салттарга, улуттук намыс, мекен өңдүү түшүнүктөргө салыштырганда төө чечмей эң бир пас, эң бир ыплас саналып, Көзкамандардын жоругундай катарда, ошондой деңгээлде турган. «Көкөтөйдүн ашындагы» чоң тойдо Бокмурун төө чечмейди баштамакчы болуп, бирок Манастын каарынан коркуп тартынат. Ал эми бул жерде бир кезде элдин аң-сезиминде оозго алгысыз ыплас, наадан нерсе катары жашаган көрүнүш кытайларга кыргыз маданиятынын туу чокусу, жетишкендиги катары көрсөтүлүп жатпайбы.

Ар кайсы доорлордо кудум пирамида аңтарылып, түптөмөсү асманды карап калгандай, ыплас нерселердин, көрүнүштөрдүн жогору чыгып алган учурлары болуп келген. Азыр бизде дагы ушундай жагдай үстөмдүк кылып жаткандыгына Актан Арым Кубаттын каарманы түтпөй күйүп кетет. Ушул жерге улуу акын Шекспирдин дал биздин күндөрдөй баары кедерине кетип бараткан жагдайды баяндаган сонетине шилтеме жасай кеткенибиз оң болуп турат:

Өлгүм келет ушул азап-тозоктон

Көргөн кезде бечараны кыйналган.

Жашоо оюн, таң-тамаша байларга

Ишендирип, отургузат сызга аның.

Уятсыздык аралашып турмушка

Кыз намысы кетип барат курдумга.

Көргөнүмдө өсө турган жол жогун

Таланттуулар бейжайларга кор болуп,

Эстегенде эрк жоктугун ойлоорго

Акмак жеңип, акылдууну жамандап,

Ак көңүлдүн минтип күнү тутулуп,

Жакшылыгың жамандыкка кул болуп –

Көрүп туруп, ушулардын баарысын,

Азаптуу жан, кечсем деймин өмүрдөн,

Бирок менсиз досум кантип күн көрөт? (которгон – А.К.)

Эч бир жанга, атүгүл балага да үнүн көтөрүп катуу сүйлөбөгөн, «кой оозунан чөп албаган» Свет аке Бекзаттын кытайлардан пайда табыш үчүн кыргыздын ар-намысын тебелеп жатканын көрүп чыдабай кетет. Анын адамдык абийири мындай ыпластыкка, кыргыз кызынын намысын таптаган мындай үрөйдү учурган жорукка жол бере албайт. Ал өмүрүн сайып болсо да бул шермендечиликти болтурбай коюуга даяр. Бирок анын кызды сактап калууга болгон далалаты таш кабат, уят, кыздык намыс, абийир деген түшүнүктөрдөн таптакыр ажырап, баарын акча менен ченеп, акча менен өлчөп жашап калган жаш кыз аны көкүрөктөн ары түртүп ийгенде, Свет акенин асманы аңтарылып жерге түшкөндөй болот, ал бүгүнкү турмуштан жамандык менен арамдыктын баарын күтсө да, мындайды күткөн эмес эле. Ушул саатта ал баары теңирден тескери кеткендигин түшүнөт.

Үмүт оту бүлбүл күйүп…

Адамдын түшүнө кирбеген мындай шумдук окуядан кийин Свет акенин адамга, анын ариетине болгон ишеними жоголуп, ал каарданып трансформаторду уруп светти өчүргөндө, анын жан дүйнөсүнүн жарыгы да жалп этип кошо өчкөнсүйт. Свет өчүп, аалам караңгылашкандагы эшектерди көргөзгөнү жөн эле кирип калган эмес. Адамдын көкүрөгүндөгү жарык жоголуп, абийир-уяттан айрылганда анык айбанга, макулукка айланат деп каймана түрдө каңкуулап жатышпайбы мында, киночулар. Демек, караңгыда айбандык моокумун кандырып жаткан эшектерден биз бүгүн турмушубузда улам көбөйүп бараткан Бекзаттарды жана алардын кулу болгондордун бейнесин көрөбүз.

Бул окуядан биз чет элдик акчанын куну канчалык кымбатка түшөрүнө күбө болуп жатабыз. Ал эми улуттук ар-намыстан, абийирден курдай калган Бекзат сыяктуулар мансап жана байлык үчүн бүтүндөй эли-жерин, мамлекетин сатып кеткен президенттер менен алардын жан-жөкөрлөрүнүн туундулары эмей эмине?

Тасманын финалында Свет акенин байлык жана кара күчтүн кулуна айланган желдеттер менен болгон күрөшү чагылдырылат. Адамды (болгондо да кандай адамды!) көкбөрү кылып тарткан ал жырткычтардын кесепетинен Свет аке тирүү калдыбы же жокпу – анысы белгисиз. Эң башкысы, киши түспөл айбандар Свет акени канчалык азапка салышпасын, ал тизе бүгүп жеңилип бербеди, анын кайраты майтарылбады, руху өчпөдү. Биз мында улуу жазуучу Хемингуэйдин «Адамды жок кылып жиберүүгө болот, бирок аны жеңүүгө мүмкүн эмес», - деген даанышман сөзүнө дагы бир жолу ынанып жатабыз.

Кино шамалдын күчөшү жана Свет акенин чамбирегинин (вентиляторунун) айлануусунан лампочкада жарыктын пайда болушу менен аяктайт. Ушунун баары жана Свет акенин эч качан айрылбаган велосипединде кайдадыр кетип жатышы символикалуу мааниге ээ. Свет акенин жарыгы – бул тирүүлүктүн, түбөлүктүүлүктүн жарыгы, ал эми темир тулпарын минип жолдо кетип баратканы – ал баштаган улуу иштин же кыял-тилектердин (адамдардын жашоосун, жан дүйнөсүн жарыткысы келген) келечекте улана тургандыгынын белгиси.

Улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы Танабайдын Гүлсарысы же Эдигейдин Каранары бул каармандардын инсандык жүзүн ачууда кандай мааниге ээ болсо, жансыз темир болгондугуна карабай Свет акенин «елесипетинин» кызматы да ошондой чоң. Сенектиктин, кайдыгерликтин, жүр нарылыктын антиподу катары кош дөңгөлөгү тынымсыз чимирилип бараткан велосипед – бул жаркын келечектин символу, Свет аке жана Свет аке сыяктуу асыл инсандардын үмүт-кыялында жашаган адилет турмуштун, коомдун символу.

Жыйынтыктап айтканда, Актан Арым Кубаттын «Свет аке» көркөм фильми бүгүнкү кыргыз киносунун алтын пайдубалын түптөгөн М.Убукеев, Б.Шамшиев, Т.Океев, Д.Асанова ж.б. калтырган улуу мурастардын катарын толуктай турган саналуу тасмалардын бири болуп кала бермекчи.

Аким Кожоев

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG