Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

"Алтын глобус": Голливуд өзгөрө баштады


«Shallow» ыры үчүн "Алтын глобуска" татыган ырчы Леди Гага.
«Shallow» ыры үчүн "Алтын глобуска" татыган ырчы Леди Гага.

Лос-Анжелесте 76-жолу кино жана теле жаатындагы абройлуу «Алтын глобус» сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Быйылкы салтанат жылдагыдай эле Лос-Анжелестеги Beverly Hilton мейманканасында өттү.

Сыйлыктар 25 номинация боюнча ыйгарылды. Анын алдында киносынчылар өз жоромолдору менен бөлүшүп, социалдык тармактарда «татыктуулар жана татыксыздар» тууралуу талкуулар жүрүп, быйылкы “фавориттерди” атап жатышкан.

Мына ошол “башкы сыйлыктарды алат” дегендердин арасына бир канча номинацияда ат салышып жаткан Бредли Купердин «Жылдыздын жаралышы» тасмасы да кирген.

Бирок ырчы Леди Гага жана Бредли Купер өзү тартылган бул музыкалык драма болгону бир гана сыйлыкка татыды. «Мыкты саундтрек» сыйлыгы «Shallow» ыры үчүн Леди Гагага ыйгарылды.

Кызыгы, тасманын мурдагы, 1976-жылы тартылган версиясында башкы ролду аткарган Барбара Стрейзанд фильмдеги ролу үчүн үч «Алтын глобус» алган.

Режиссер Питер Фарреллинин «Жашыл китеп» фильми үч номинацияда утту.

«Мыкты комедия/мюзкил», «Мыкты сценарий» наамдары жаз музыкантынын Американын түштүгүнө 1960-жылдары жасаган саякатын баяндаган тасмага ыйгарылды.

Ал эми фильмдеги каармандардын бирин аткарган Махершала Али “экинчи ролдогу мыкты актер” аталды.

Queen тобунун мүчөлөрү Брайан Мэй, Рожер Тейлор жана актер Рами Малек. 6-январь, 2019-жыл. Лос-Анжелес.
Queen тобунун мүчөлөрү Брайан Мэй, Рожер Тейлор жана актер Рами Малек. 6-январь, 2019-жыл. Лос-Анжелес.

Атактуу "Queen" тобунун жана анын башкы солисти Фредди Меркьюринин өмүр баянын, чыгармачыл жолун чагылдырган биографикалык “Богемия рапсодиясы” тасмасынын "мыкты драма" деп табылганы көптөр үчүн күтүүсүз болду.

Бирок атактуу музыканттын ролун ойногон Рами Малектин “мыкты актер” наамын алышы эч кимди таң калтырган деле жок. Анткени эксперттер аны бул сыйлыкка татыктуулардын бири катары карап жатышкан.

Аталган тасманы тартуу оңойго турган эмес. Алгачкы режиссеру Брайан Сингер башкы ролдогу Рами Малек менен тил табыша албай калганы үчүн иштен кетип, фильмди аягына Декстер Флетчер аттуу режиссер чыгарган.

Сахнада сыйлыкты алып жатып, Рами Малек көзү өтүп кеткен ырчы Фредди Меркьюриге ыраазычылык билдирди.

- Сен асыл адамсың, мен сени жакшы көрөм. Бул сыйлыкты сен жана сенин ырларың болгону үчүн алып жатам, - деди ал.

Ал эми Гленн Клоуздун "мыкты актриса" аталышы башкалар эле эмес, өзү үчүн да күтүүсүз болгондой.

71 жаштагы актриса бул номинацияда бир гана Леди Гага эмес, Николь Кидман менен Мелисса Маккартиден да озуп өттү.

Клоуз бул сыйлыкты «Аял» тасмасындагы ролу үчүн алды. Анда ал бүт өмүрүн, кыялдарын, талантын күйөөсү үчүн курмандыкка чалган атактуу жазуучунун аялынын образын жараткан. Клоуз сыйлыкты алып жатканда гендер маселесин көтөрдү.

- Менин энем бүт өмүрүн атама арнады. Ал сексенге чамалап калганда бир күнү мага "Билесиңби, мен бул жашоодо эч нерсеге жеткен жокмун. Бул абдан жаман" деп айтты. Фильмде тартылып жатып мен аялдарды көбүнчө эне жана бала багуучу гана катары кабыл алышарын дагы бир жолу түшүндүм. Ооба, биздин балдарыбыз, күйөөбүз, досторубуз бар болушу мүмкүн. Бирок биз бакыт алып келчү нерсени да издешибиз керек. Өз кыялдарыбызды ишке ашырууга умтулуп, көп нерсеге жете аларыбызга ишенели, - деди актриса көзүнө жаш алып.

Актриса Гленн Клоуз. 6-январь, 2019-жыл. Лос-Анжелес.
Актриса Гленн Клоуз. 6-январь, 2019-жыл. Лос-Анжелес.

Аялдар демекчи, былтыр актрисалардын дээрлик баардыгы сыйлык тапшыруу аземине #metoo же «мен дагы» акциясын колдоп кара кийинип барышкан.

Бул ирет актрисалардын көбү Time's Up же "убакыт келди" деген сексуалдык зомбулукка каршы түзүлгөн кыймылды колдоп, ушундай жазуусу бар билериктерди тагынып барышты.

Быйыл салтанаттуу аземди Энди Сэмберг менен биргеликте «Махабат анатомиясы» сериалынын жылдызы Сандра О алып барды. Ушул эле кечте актриса "Еваны өлтүрүп жатып” деген сериалындагы ролу үчүн «мыкты актриса» наамына татыды.

47 жаштагы актриса бул иш-чараны алып барган биринчи теги азиялык аял. Ошону менен катар ал «Алтын глобус» сыйлыгын эки жолу алган алгачкы актриса болду.

Биринчисин Сандра О 2006-жылы «Махабат анатомиясындагы» ролу үчүн алган. Сыйлыкты алып жатып ал залда отурган ата-энесине эне тилинде, корейче ыраазычылык билдирди. Актриса ошондой эле салтанаттын ачылышында Голливудда өзгөрүүлөр болуп жатканын баса белгиледи:

- Мен өзгөрүүлөр болуп жатканын көрүп жатам. Балким кийинки жылы башкача болот чыгаар. Бирок азыркы маалда бизде өзгөрүүлөр бар, - деди ал теги азиялык актерлордун залда көп отурганын кыйытып.

Ал эми сериалдагы ролу үчүн "мыкты актер" деп «Жансакчы» тасмасындагы башкы каарманды аткарган Ричард Мэдден табылды.

Чет тилдеги мыкты тасма номинациясында режиссер Альфонс Куаронун анын Мехикодо 1970-жылдарда өткөн балалыгын баяндаган "Рома" тасмасы утту. Фильм буга чейин Венеция кинофестивалынын да башкы сыйлыгына татыган.

Голливуддагы чет өлкөлүк прессанын ассоциациясы “Алтын глобус” сыйлыгын быйыл 76-жолу ыйгарды. Лауреаттарды уюмга мүчө жүздөй эл аралык журналист аныктайт. "Алтын глобусту" алган тасма мартабалуу "Оскар" кино сыйлыгына башкы талапкер болуп саналат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG