Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

«Айка» же көйгөйдү көргүсү келбеген коом


«Айка» фильминен көрүнүш.
«Айка» фильминен көрүнүш.

Кыргыз мигрантынын тагдырын сүрөттөгөн «Айка» көркөм фильми Бишкектин кинотеатрларында 14-февралдан бери көрсөтүлүп жатат. Ушул тапта көрүүчүлөрдүн аздыгынан тасманы борбордогу бир эле кинотеатрдан көрүүгө болот.

«Айка» тасмасын Бишкектеги кинотеатрлардын бири чакан залда бир эле сеанста көрсөтүп жатат. Кассадагы кызматкер эки жума бою зал толо көрүүчү келбегенин айтты:

- Бул тасмага эки жумадан бери аз эле адам келип атат. Зал толгон учур бир да жолу болгон жок. Мындай болсо дагы бир-эки жума эле көрсөтүлөт го...

Чынында социалдык драма «Айка» - бул кинотеатрдагы кайгылуу, оор жанрда тартылган жалгыз гана чыгарма экен. Калган репертуардын басымдуу бөлүгүн комедия жанрындагы тасмалар түзөт. Ал түгүл жанымдагы билет алып жаткан студенттер «Айка» тасмасы тууралуу түк кабары жок.​

«Айка» тасмасына келген көрүүчүлөр.
«Айка» тасмасына келген көрүүчүлөр.

- Айка дейсизби? Аны мен такыр укпаптырмын. Менимче жарнама кылышкан эмес. Эгер жарнамасы жакшы болсо эл көп эле бармак. Азыр досторубуз менен «Кентаврга» келгенбиз. Чынын айтсам ал тасма эмне жөнүндө экенин билбейм. Аты аябай кызыктуу угулду.

«Айка» тасмасы карызын төлөш үчүн Москвага иштегени келип, бөтөн жерде төрөп, ымыркайынан баш тартууга аргасыз болгон кыргызстандык кыздын тагдырын чагылдырат. Тасмада жаңы гана төрөгөн келиндин жашоо үчүн күрөшү, аргасыздык, кайгыга толгон беш күнү көрсөтүлөт.

Баласын төрөтканага таштап, ишинен айлыгын ала албай, иши жок, акчасы жок көчөдө калганда да келин күрөштөн чарчабайт. Төрөгөн күндүн эртеси эле кыштын кыраан чилдесинде кар күрөп, көрүнгөн жерден иш издей баштайт. Режиссер эми гана көз жарган аялдын саламаттыгын, баласын бир да жолу эмизбеген эненин сүтү агып жаткан эпизоддорун да ачык көрсөтүүгө аракет кылган.

Тасманын режиссеру Сергей Дворцевой «Азаттык» менен болгон маегинде баш каарманын мындайча сүрөттөдү:

Казак актрисасы Самал Еслямова.
Казак актрисасы Самал Еслямова.

​- Айка - кыйын аял, күчтүү адам. Мен чындыгында кыргыз аялдары күчтүү, эрктүү, иштерман деген чечимге келдим. Кыргызстанды кыргыз аялдары жөлөп-таяп турат деп ойлойм. Айка - жеңил ойлуу жаш кыз эмес. Анын бакубат жашоого толук укугу бар. Бирок ал турмуштун оор сыноолоруна кабылды. Бул жерде башкы каарман кыргыз кызы болгонуна басым кылбаш керек. Анын ордуна өзбек, тажик, орус кызы да болушу толук ыктымал. Мен бир гана нерсени айта алам - эне менен баланы ажыратууга көп учурда турмуш себепкер болот.

Айканын ролун 34 жаштагы казак актрисасы Самал Еслямова аткарган. Актриса бул ролу үчүн былтыр жазында Канн фестивалында «Аялдын мыкты ролу» сыйлыгына татыган.

- Негизи бул өтө кыйын роль болду. Анткени бул апа тууралуу. Тилекке каршы, мен эне эмесмин, ошон үчүн кандай сезимдер болорун билбейм, - деди ал.

Бир жарым сааттан ашык убакытка созулган тасма учурунда көрүүчүлөр «Айканы» бирде аяп, аны менен кошо ыйлап, бирде тагдырына таң калып жаткандай болду. Көрүүчүлөрдүн бири Дастан Үмөтбай уулу буларды айтты:

Дастан Үмөтбай уулу.
Дастан Үмөтбай уулу.

-- Мен өзүм эки жыл миграцияда жүргөм. Мындай кыз-келиндерибиз бар. Айкалар биздин коомдо көп. Менимче бул тасманы ар бир бийлик өкүлү, аткаминерлер көрүшү керек. Алар ушул мүшкүлдү көрүп, жакындан билиши керек.

Залдан тасмага нааразы болуп чыккандар да болду.

- Ушундай да тасма болобу? – деди көрүүчүлөрдүн бири. - Мен бүткүчө кыйналып кеттим. Аябай оор экен. Мынчалык эмес болуш керек, жашоодо. Муну көрсөтпөш керек, элге.

Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров турмуштун оорчулугун чагылдырган социалдык драма кыргыз көрүүчүлөрүнүн арасында минтип көрүлбөй жатканына таң калбайт. Ал кыргыз көрүүчүсү өз көйгөйүн тасмадан көрүүгө даяр эмес деп эсептейт.

Темир Бирназаров.
Темир Бирназаров.

- Коом көйгөйдү көргүсү келбейт. Ага даяр эмес, - деди ал. - Биз эмнегедир жеңил-желпи, байлык, жакшы жашоо тууралуу кинолорду жактырабыз. Эгер сен өлкөдөгү ошол эле коррупцияны, көйгөйдү тартайын десең сага эч ким уруксат бербейт. Тескерисинче, «жакшы жагыбызды эле көрсөт» деп башташат. Эгер ушул сыяктуу тасманы кыргыз режиссеру тартканда аны эбак эле урушуп, тилдеп, эл душманы кылышмак. Элдин аң-сезимин өзгөртүү бийликтегилерден башталыш керек. Чоңдор акылга, интеллектке таянган адамдардын образын түзүп, идеологияны оңдош керек.

Режиссер «Айканы» тартууга алты жыл ичинде 2,5 млн. евро коротконун билдирген. «Айка» - документалдык тасмаларды тарткан Сергей Дворцевойдун экинчи көркөм тасмасы. Тасма былтыр кышында Казакстандын атынан «Оскардын» «Чет тилдеги мыкты тасма» категориясында сунушталган. Бирок ал «Оскардын» финалдык баскычына чыкпай калды.

Кыргыз мигрант кыз-келиндеринин абалы туурасында 2012-жылы кинорежиссер Нурбек Эгендин «Ээнсиреген үй» кинотасмасы да кызуу талкууга түшкөн. «Тасманы коомчулукка көрсөтүүдөн алып салыш керек» деген өндүү терс пикирлер басымдуулук кылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG