Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Сот-укуктук реформага бөлүнгөн каражаттын суммасы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылы Кыргызстанда сот-укуктук реформага жана жаңы кодекстерди ишке ашыруу үчүн бюджеттен 652,7 млн. сом каралып, анын 590 млн. сому бөлүнгөн.

Анын ичинен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин программалык иштери үчүн 228,1 млн. сом, жоруктардын бирдиктүү реестрине 33,1 млн. сом бөлүнгөн. Сурак жүргүзүү бөлмөлөрүн видео жана аудио жаздыруу менен жабдууга 40,2 млн. сом, сот залдарын техника менен жабдууга 104,7 млн. сом, имараттарды оңдоп-түзөөгө 183,9 млн. сом берилген.

Андан тышкары Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) жана башка министрлик менен мекемелерге да тиешелүү каражаттар бөлүнгөн.

2019-жылы сот-укуктук реформага 786,5 млн. сом каралган. Анын ичинен Башкы прокуратурага 6,3 млн. сом, ИИМге 6,8 млн. сом, Сот департаментине 469,6 млн. сом, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына 188,8 млн. сом, Саламаттык сактоо министрлигине 7,9 млн. сом, Юстиция министрлигине 77,1 млн. сом жана реформанын алкагында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу үчүн 30,0 млн. сом бөлүү каралган. (BTo)

XS
SM
MD
LG