Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Нарында окуучу бала бычактан каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ак-Талаа районундагы Үгүт айылынын Муса Баетов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу киши өлтүрүүгө шектүү катары кармалды.

Аталган райондун акиминин орун басары Кенжегүл Карагулованын айтымында, кылмышка шектүү 11-класстын окуучусуна бычак шилтеген. Натыйжада 17 жаштагы өспүрүм каза тапкан. Бул окуя ушул жылдын 16-мартында болгон.

Такталбаган маалымат боюнча, эки окуучунун чыры мектептеги лидерликти талашуу болушу мүмкүн. Анткени маркум окуучу мектеп парламентинин президенти болгон.

Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 16 жаштагы өспүрүм камакка алынды. Териштирүү жүрүп жатат. (MiK)

XS
SM
MD
LG