Мындай маалыматты тажик ички иштер министри Рамазон Рохимзода 12-мартта Дүйшөмбүдө өткөн милицияны реформалоо боюнча жумушчу топтун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, милиция бөлүмдөрүндөгү кыйноону токтотуш үчүн андагы иш бөлмөлөрүнө видеокамералар орнотулат.
Тажикстанда милициянын реформасы 2012-жылы башталган. Расмий маалыматтарга караганда, бул убакыттан бери реформага мамлекеттик казынадан 1 миллиард сомони жумшалып, милицияга компьютерлер, автоунаалар берилген. Бир катар райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, ИИМ академиясынын имараттары курулган. Эми толук реформа жүргүзүш үчүн дагы каражат керек экендиги айтылып, өлкө аны эл аралык донорлордон ала турган болууда.
Тажикстанда милиция бөлүмдөрүндө, тергөө абактарында жана жаза өтөө жайларында кыйноо - орчундуу маселелердин бири. Эл аралык уюмдар тажик бийлигин буга жол бергени үчүн сындап, кыйноону токтотууга чакырып келет. Былтыр өлкөдөгү Кыйноого каршы жарандык коалицияга 40тан ашык киши кайрылган. Башкы прокуратура 2018-жылы кыйноо боюнча төрт кылмыш ишин козгоп, анын экөө гана сотко өткөн.