Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Беш-Күнгөйдө башына ок жеген аялдын абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Беш-Күнгөй айылындагы карактоодо жараат алган аялдын абалы оор. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Чүй облустук биргелешкен оорукананын директорунун орун басары Нуралы Матаипов билдирди. Анын айтымында, жубайлар Марина жана Борис Совелевдер 6-мартта түнкү саат үчкө жакын "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген.

- Келинчегинин башына, оң тарабына ок атылган. Мындан сырткары мээси катуу чайкалган. Күйөөсүнүн бет сөөктөрү сынган, мээси чайкалган. Марина Совелеванын абалы жакшыргандан кийин башын томографияга тартып, андан ары Улуттук госпиталга котордук. Абалы оор болчу. Күйөөсү бизде, травматология бөлүмүндө дарыланып жатат. Абалы оор эмес.

6-мартта Чүй облусунун Беш-Күнгөй айылында эки белгисиз киши автоунаада келе жаткан жубайлардын 310 миң доллар акчасын тоноп кетишкен.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») боюнча тергөөгө алынган.

Учурда каракчыларды издөөгө Чүй облусунун бардык жеке курамы тартылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG