Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:30

Изилдөө: айдоочулардын 39% гана коопсуздук кемерин тагынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги айдоочулардын 39,5% гана жолдо жүрүүдө коопсуздук кемерин тагынат. Бул тууралуу «Жол коопсуздугу» уюмунун базалык изилдөөсүндө көрсөтүлгөн. Мындан сырткары автоунаанын алдында отурган жүргүнчүлөрдүн 14,5%, артта отургандардын 0,5 пайызы гана кур тагынат. Аталган уюм буга байланыштуу жүргүзгөн изилдөө тууралуу маалымат берет.

Ага баш калаанын мэри Азиз Суракматов, Европа өнүктүрүү банкынын Борбор Азия аймагындагы жетекчиси Нил Маккейндин катышканы турат.

12-февралдан тартып «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы тест режиминде иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду. Эреже бузгандар айыппул төлөйт. Камералар жол коопсуздугундагы эреже бузуунун жети түрүн аныктайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG