Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Орусия АКШнын Венесуэлага көмөгүн айыптады


Венесуэла. Николас Мадуро жана оппозиция лидери Хуан Гуайдо.
Венесуэла. Николас Мадуро жана оппозиция лидери Хуан Гуайдо.

Орусия 22-февралда АКШны легитимдүүлүгү талаш жараткан президент Николас Мадурого каршы туруу үчүн Венесуэлага гуманитардык жардам деген шылтоо менен аскердик кийлигишүүгө аракет кылып жатат деп айыптады.

Орус Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова "Вашингтондун кооптуу чагымы 23-февралга белгиленген" деп билдирди. Анын айтымында, АКШ, бир катар Батыш жана Латын Америка мамлекеттери убактылуу президент катары тааныган Венесуэланын Улуттук Ассамблеясынын жетекчиси, оппозиция лидери Хуан Гуайдонун гуманитардык жүктү чек арадан өткөрүү тууралуу планы өлкөдө кагылышууга түрткү берүүнү, "аскердик аракеттерди баштоого ыңгайлуу шарт түзүүнү көздөйт".

Ошол эле убакта Захарова өз билдирүүсүнө эч кандай далил келтирген жок. Орусия Венесуэладагы кырдаалда Николас Мадурону колдоп жатат.

Гуайдо 21-февралда чек арадан өткөрүлбөй, Колумбияда токтоп турган АКШнын гуманитардык жардамын өткөрүү үчүн жөнөп кеткен. Ал жүктү 23-февралда жеткирүүнү убада берген.

Мадуронун бийлиги "Венесуэлага гуманитардык жардам жеткирүү шылтоосу менен америкалык аскерлер кириши мүмкүн" деген негизде 22-февралда Бразилия менен чек арасын жапкан. Ага чейин Колумбия менен чек ара жабылып, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова АКШ Венесуэланын чек арасына жакын жерде спецназ жана аскердик техника жайгаштырганын, оппозицияга курал-жарак сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын кошумчалады.

Орусиянын мамлекеттик телеканалы 22-февралда орус бийлиги Венесуэлага гуманитардык жардамдын алгачкы партиясын жибергенин кабарлап, жүктүн чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Венесуэлада 2013-жылы мурдагы президент Уго Чавес өлгөндөн кийин бийликке келген Николас Мадуро экономикалык саясаты, адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу сынга алынып келет.

Венесуэла оппозициясынын 35 жаштагы лидери, оппозиция үстөмдүк кылган парламент төрагасы Хуан Гуайдо өзүн 23-январда убактылуу президент катары жарыялаган. Ошондон бери Венесуэлада кош бийлик өкүм сүрүүдө. Хуан Гуайдонун бийлигин АКШ, Канада, Евробиримдик баш болгон ондогон мамлекеттер тааныган. Орусия, Кытай жана башка бир катар өлкөлөр Николас Мадурону мыйзамдуу президент деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG